2023-жылдын 15-февралында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында Өзгөн райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңешмеси болуп өттү.
Ага раймамадминистрациянын башчысы-акимдин орун басары Рахымбек Мырзакулов, райондор аралык ОАА жана МСЭКБнүн башчысы Советбек Молдалиев, райондук ЖДПБнун жетекчиси Бермет Мамасадыкова , Ош облустук саламаттыкты сактоо координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова, облустук медицина статистикалык борборунан Гүлмира Саидова жана аймактагы медицина кызматкерлери катышышты.
Райондук дарыгерлер борборлорунун өткөн жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу борбор жетекчиси Б.Мамасадыкова маалымат берди.
Кеңешме жүрүшүндө медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүп турак-жай, үй салууга жер тилкеси менен камсыз кылуу, коммуналдык төлөмдөрүн төлөп берүү, керек болсо өз жерине медициналык окуу жайды бүтүргөндөн кийин келип иштөөсү үчүн студенттин контрагын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк табууга чейинки сунуш, пикирлер жана канткенде аймактагы калктын саламатчылыгын сактоо жолдоруна жетишүүгө болоору сыяктуу маселелер айтылды.