Үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Өзгөн районундагы №32 Раимбек Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинде «Жарандык коргонуу» боюнча өзгөчө кырдаалга даярдык көрүлүп машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Равшанбек Сатыбалдыевдин демилгесинде уюштурулуп, машыгууга КРнын ӨКМнин Өзгөн районундагы бөлүмүнүн башчысынын орун басары майор Мудинов Нурлан жана ӨКМнин капитаны Дастан Таалов, ИИМдин Мырзаке аймактык участкалык өкүлдөрү, Салам-Алик айылынын айылдык ФАПтын кызматкерлери, Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү түзүлгөн куткаруучулар тобу жана мектеп окуучулары катышышты. Буга чейин мектеп окуучуларына АЧД мугалими жана КРнын ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүн өкүлдөрү тарабынан окуулар өтүлгөн. Өз кезегинде КРнын ӨКМнин Өзгөн районундагы бөлүмүнүн башчысынын орун басары майор Мудинов Нурлан жана ӨКМнин капитаны Дастан Таалов тарабынан жакшы пикирлерин билдиришти жана жана бул машыгууга катышкандар Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Сатыбалдыев Равшанбек жана мектеп директору Замира Султановага ыраазычылыктарын билдиришти.