2023-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын туу күнүнө карата Өзгөн районунун борбордук аянтында иш-чара болуп өттү. Иш-чарага райондун акими Ш. Абыкаев жана райондун жетекчилери катышты. Борбордук аянтта райондун эли жана мекеме –ишканалардын кызматкерлери параддан өтүп, Кыргыз Республикасынын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Иш-чараны райондун акими Ш. Абыкаев ачып, мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “Туу күнү” жана алдыда келе жаткан 5-март баа жеткис, бизди башка улуттардан айырмалап турган ак карлуу Ала-Тоонун элесин чагылдырган “Ак Калпак” күнү менен кошо куттуктап өттү.
Кызыл Туу күнү
Share This Article
Пикир билдирүү