Жалпак-Таш айыл өкмөтү административдик жана муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине жана бош кызмат орунга талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
- Башкы топтогу административдик — муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
(Бош орун-Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчылыгына 1 орун)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактары боюнча).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы 3 жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, «КРнын Министирлер Кабинети жөнүндө», Эмгек кодекси, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, КРнын “Ички жер которуу жөнүндөгү”, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу, түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу, кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү, коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө, өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
—аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, ченемдик-укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү, натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу, компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.
- Улук топтогу административдик-муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү (Жер, турак жай маселелери боюнча башкы адис)
1) Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку билим – (геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттар, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, айыл чарба багыттары боюнча).
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы 1 жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес.
3) Кесиптик компетенциясы:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Жер кодекси”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу, калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу), компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
- Улук топтогу административдик-муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү (Социалдык маселелери боюнча башкы адис)
1) Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку билим (социалдык иштер адистиги, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, педагогикалык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика, маданият жана искусство тармактарын боюнча).
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы 1 жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес.
3) Кесиптик компетенциясы:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Балдар жөнүндө кодекси”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу, калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу), компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик-муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү (Жер бөлүштүрүү жана айыл чарба маселери боюнча жетектөөчү адис)
1) Кесиптик билимдин деңгээли
— жогорку же орто кесиптик билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери, юриспруденция, финансы-экономикалык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, айыл чарба багыттары боюнча).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу, компьютердик жана зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик-муниципалдык кызмат ордуна (Бош орун- эсепчи-кассир адис)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим (финансы-экономикалык багыттар боюнча).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу, компьютердик жана зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик-муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү (Салык адис):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим (финансы-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика, маданият жана искусство багыттары боюнча).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, КРнын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу, компьютердик жана зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер:
– жеке арыз, паспорттун көчүрмөсү, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (иш стажы бар болсо), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
Талапкерлер тийиштүү документтерин гезитке жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшыруулары зарыл.
Документ кабыл алынуучу дарек: Жалпак-Таш айыл өкмөтү Курбу-Таш айылы Абдыкаар көчөсү — 35
Байланыш үчүн телефону: (0551) 72-72-84, (0707) 48-79-67.