Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамынын урматына концерт, оюн-зооктор, түрдүү сынактар өткөрүлдү.
Иш-чарага Өзгөн районунун акими, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектептердин жамааттары, жергиликтүү калк катышты.
Майрамдын алкагында “Мыкты улуттук кийим”, ”Мыкты боз үй”, “Мыкты улуттук тамак-аш” сынактары уюштурулду. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев : “Нооруз майрамы бул дүйнө кубулуштары жана жаратылыш менен эриш- аркакта бекем жашаган ата-бабаларыбыз бул күнкү күн менен түндүн теңелүүсүнүн, андан ары күндүн узара башташынын башталышында зор касиет барлыгын эзелтен эле туя билишип, бул өзгөчө күндү чоң майрам катары кабыл алышкан ” –деди.