22-март күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сатыбалдыев Эльмурза Ракиевич, Ормонов Улугбек Зулпукарович келип, Өзгөн районунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Жогорку Кеңешинин депутаттарын коштоп КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү келди.
Жолугушууда У.Ормонов сөз алып, Кемпир-Абад маселесинда нааразы тараптардын койгон Кемпир-Абад суу сактагычы менен чектешкен айыл аймактар үчүн атайын өнүктүрүү фонддун түзүү талабынын аткарылышын билдирип, Кызыл-Октябрь, Кароол, Куршаб, Баш-Дөбө, Төрт-Көл айыл аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн фондго жылына бир нече миллион сом, ал эми 2023-жылы 60 млн. сом бөлүнөрүн маалымдады. Ошондой эле фонддун каражаттарын айыл аймактарга бөлүштүрүү, кайсыл тармактарга сарптоо,
Кемпир-Абад суу сактагычында суунун көлөмү төмөндөгөндөн бошогон жерлерди иштетүү маселелери боюнча жарандардан келип түшкөн суроолоруна жооп беришти.
Жыйынды Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев алып барып, жыйынтыгында эл өкүлдөрүнө жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.