2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ү.Манапов, экономика министрлигинин регионалдык бөлүмүнүн башчысы Т.Турдубеков, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Ш.Абыкаев жана башка тиешелүү кызматтардын катышуусунда райондогу өнөр — жай ишкана жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында ишкерлердин учурдагы көйгөйлөрү угулуп, иштеп жаткан ишканалар аныгында ишмердүүлүгүн статистика бөлүмү аркылуу көрсөтө албай жаткандыгы белгиленип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир айда ишкананын өндүргөн продукциясы жөнүндө көрсөткүчтөр так, даана статистика бөлүмүнө берип туруу менен биргеликте көзөмөлдөө ишкана жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, райондук статистика бөлүмүнө тапшырылды.