11-майда Өзгөн районунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргызстанда «Энелер мектебин» негиздөөчүсү Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Шакир Мамадалиев, райондук билим берүү бөлүмү, мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышышты.