Урматтуу энелер, кымбаттуу апалар жана карындаштар !
Бардыгыңыздарды энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эне деген – керемет сөз. Бул сөз кандай гана тилде айтылбасын бирдей назик угулат. Эне жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Биз кандай гана адам экенибизге, даражабызга жана жашыбызга карабастан эне алдында биз бир ымыркай баладайбыз.
Кымбаттуу апалар жана энелер!
Ар дайым балдарыңыздардын ийгиликтерине ортоктош болуп, алардын ак дасторконунда сый-урматка ээ болуп, мамлекетибиздин өсүп-өнүүсүнө салым кошкон билимдүү, илимдүү, ыймандуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрө беришиңиздерге тилектешмин!
Бардыгыңыздарга чын ден-соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайм!
Урматтоом менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев.