2023-жылдын 23-майында раймамадминистрациянын башчысы-аким Шабдан Абыкаевдин жетекчилигинде аппараттык жыйын болуп, ага орун басары Рахымбек Мырзакулов, аппарат жетекчиси Руслан Алайчиев, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Каныбек уулу Эркинбек, Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Айбек Камалов жана айыл өкмөт башчылары, мекеме-уюм жетекчилери катышышты.
Жыйын алдында републикалык спорттун волейбол түрү боюнча мектеп лигасынын 4-турунда 1-орунду жеңип алган Алтын-Булак айыл өкмөтүндөгү Адибай Маматов атындагы орто мектептин (мектеп директору Советбек Бабышев) «Алтын-Булак» командасына, демөөрчүлөргө, машыктыруучуларга мектеп жетекчилигине аким Ш.Абыкаев кубок, 300 миң сомдун сертификатын, ыраазычылык каттарды тапшырды.
Ал эми облустан келген өкүлдөр команданы куттукташып, алардын мыкты оюнчуларына спорттун чебери наамдарын ыйгарышты.
Райондун даңкын чыгарган окуучулардын класс жектекчиси Меербу Топчубекова эжеке экен.
Канчоро Айдаров.