Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу мугалимдер жана урматтуу ата-энелер!
Жалпыңыздарды “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Ардактуу мугалимдер, кадырлуу эже-агайларыбыз сиздердин күжүрмөн аракет, талыкпас эмгегиңиздердин арты менен дагы бир окуу жылы ийгиликтүү аяктап жатат. Бул ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ар бир бүтүрүүчү үчүн бүгүн мектептин акыркы коңгуроосу кагылып турат, эми сиздер үчүн турмуштун жаңы барагы ачылат. Биздин жашообуздагы жетишкендиктердин көбү – ата-энебизден алган таалим-тарбиянын, мугалимдин үзүрлүү эмгегинин, берген билиминин жемиши.
Силердин өлкөбүздүн жүгүн көтөргөн илимдүү, билимдүү жаштардан болоруңарга толук ишенем.
Мырза-Аке айыл аймагындагы Марат Разаков жатак-мектеп интернатынын акыркы коңгуроо иш-чарасына катышып жалпы окуучуларды куттуктоо менен бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалап, окуучуларга жагымдуу шарт түзүү максатында мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого “Интерактивдик панел” алуу үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев 140 000 сомдук сертификат тапшырды.