Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев Өзгөн районунун Төрт-Көл, Жылалды, Жазы, Куршаб, Кызыл-Тоо айыл аймактарында жана Өзгөн шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан таза суу объекттерин жеринен кабар алды.
Район башчысы обьекттердин курулушунун сапатын көзөмөлгө алуу, жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча иш-аракеттерди көрүү тапшырмасын койду.
Таза суу обьекттери республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.
Белгилей кетсек суу обьекттери айыл аймактардын тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында курулуп жатат.