Урматтуу жоокерлер!
Ардактуу ардагерлер!
Сиздерди 29-май Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн сактоо үчүн жасаган кызматыңыздар жана эмгегиңиздер ар бир кыргыз жаранынын бейпил жашоосу, тынч уйкусу!
Сиздер журт алдында берген антыңыздарды толук аткарып, кийинки муундар үчүн чыныгы жоокердин образын берүүдө Мекенди сүйүүнүн, билими менен аскердик даярдыгы төп келишкен кесипкөйлүктүн үлгүсү боло тургандыгыңыздарга бекем ишенебиз.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрүп, элибиздин армияга болгон сый-урматын арттырып, аскерлерди заманбап аскердик техникалар жана курал-жарактар менен камсыз кылууда. Ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоо-турмушу, социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз кылуу боюнча бир топ иштерди жасап келүүдө.
Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары, кымбаттуу ардагерлер!
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге кажыбас кайрат, темирдей бекем эрк, чың ден соолук, узун өмүр, кызматыңыздарга ийгилик каалайм. Үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкаев Шабдан Алмасбекович