30-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич Өзгөн районунуна иш сапары менен келди.
Облус башчысын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкаев Шабдан Алмасбекович тосуп алып, райондогу жүрүп жаткан бир топ курулуштар менен тааныштырды.
Иш сапарынын жүрүшүндө Эльчибек Джантаев Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев менен Куршаб, Жазы, Жылалды айыл аймагынын жана Өзгөн шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо иштери менен жеринде таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
«Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор» демекчи Эльчибек Джантаев калкты сууну үнөмдүү жана максаттуу пайдаланууга чакырып кетти жана тийиштүү ишкана жетекчилерине жүрүп жаткан иштер боюнча эл менен тыгыз байланышта болуп, маалымат берип туруусун тапшырды.
Андан сырткары Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы жеке ишкер тарабынан жаңы курулган асфальт бетон иштеп чыгаруучу завод жана Жылалды айыл аймагындагы логистикалык борбордун имаратына барды. Ишкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышып, иштин сапатын жогорку деңгээлге өркүндөтүүгө болоорун айтты.
«Билимдүүгө дүйнө жарык» демекчи жаңы ишке киришип жаткан 275 орундуу мектепке капсула салды. Мектеп заманбап окуу шартына ылайыкталып, келечекте тарбияланып чыккан жаштарыбыз өлкөбүздүн желегин желбиреткен илимдүү-билимдүү балдар чыгаарына ишенерин билдирди.