Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын негиздөөчүсү Фахд бин Хаммад бин Абдулла аль-Ажами Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагында курулушу бүтүп пайдаланууга берилген мечит, медресе жана фельдшердик-акушердик пунктун жеринде көрүп, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Аталган социалдык обьекттер Фахд бин Хаммад бин Абдулла аль-Ажаминин демөөрчүлүгү менен курулган. Ассамблеясынын негиздөөчүсүнө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев райондун атынан ырызычылык билдирип, белектерин тапшырды. Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы мындан ары Өзгөн районундагы ишке ашырылуучу долбоорлор менен тыгыз иштешүүгө даяр экендигин билдирди.
Ассамблеянын алгылыктуу иши
Share This Article
Пикир билдирүү