Өзгөн райондук маданият үйүндө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган 1-июнь -Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата райондук салтанат өткөрүлдү. Салтанатка Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев катышып, салтанатка чакырылган жаш бөбөктөргө куттуктоо сөзүн айтты . Ошондой эле салтанатта таланттуу балдардын колунан жаралган сүрөт, чоподон жасалган буюмдар, ар кандай көргөзмөлөр, чыгармалар, көрсөтүлдү. Таланттуулардын өнөрлөрү тартууланды. Балдар өз колдору менен асфальтка түрдүү сүрөттөрдү тартып, маанисин баяндап беришти.
Салтанатка чакырылган аярлуу топтогу балдарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан майрамдык белектер, таттуулар берилди.
Иш-чаранын кийинки бөлүгү Өзгөн шаарындагы «Достук түрк паркында» улантылып, майрам ээлери акысыз аттракциондорго түшүп, балмуздактар таратылды.