Резервдик бош кызмат орун — Эсепчи – башкы адис (1 орун)
-КРнын Конституциясы, КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, финансы-экономикалык, айыл чарба, гуманитардык жана табигый илимдер чөйрөсүндөгү).
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы бир жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес.
- Кесиптик компетенциясы:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-тиешелүү тармактагы мыйзамдарды, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу, калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу), компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер:
– жеке арыз, паспорттун көчүрмөсү, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрүн (иш стажы бар болсо), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
Талапкерлер тийиштүү документтерин гезитке жарыя чыккан күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тапшыруусу зарыл.
Документ кабыл алынуучу дарек: Дөң-Булак айыл өкмөтү Бахмал айылы И.Жусупов көч- 26
Байланыш үчүн телефону: (0777)-59-29-31