Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басар Ш.Мамадалиев жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы И.Абдраев менен биргеликте райондун аймагындагы үрөн чарбалардын күздүк оруп жыйноого даярдыгы менен таанышып чыкты.
1. «Тамеки» илимий өндүрүштүк айыл чарба кооперативинде болуп матордук техникалык базасын жана сакталып турган үрөндөрдү көрүштү. Үрөндөргө фумигация иштери жүрүп бүзулбастан сакталып тургандыгына күбө болушту.
2. «Калы Сагынов» үрөнчүлүк чарбасында болуп. «Ага-Хан» фондусу тарабынан өткөрүлүп жаткан окуу семинарына күбө болушту. Семинар, гидропоника, силос сенаж жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан мал чарбасын өнүктүрүү темасында жүрдү.