Район жетекчиси Ш.Абыкаевдин, айыл өкмөт башчылары, жер адистер, айыл башчылар, механизаторлор-комбайынчылар жана дыйкандардын катышуусунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо боюнча семинар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө оруп жыйноодогу агроэрежелер боюнча, үрөндөр, өрт, техникалык коопсуздуктар боюнча маалыматтар берилип, район жетекчиси Ш.Абыкаев тарабынан тиешелүү жетекчилерге оруп жыйноо учурунда дан эгиндерин коромжусуз, өз убагында жыйноого, тиешелүү техникалар менен камсыз кылуу, дыйкандарга көмөк көрсөтүү жактарын тапшырып, оруп жыйноо компаниясын жеке көзөмөлгө алаарын билдирди.
Семинардын соңунда оруп жыйноодогу техникалардын кызматтык акысы боюнча талкуу болуп, ага айыл башчылар, аксакалдар, механизаторлор бир топ сунуштарын беришти. Жыйынтыгында район ичинде бирдей баа болуусу белгиленди.