Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин # 291 «Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык Жылалды, Мырза-Аке, Төрт-Көл, Кароол , Баш-Дөбө, Жазы, Зергер жана Ак-Жар, аймактарынын кезектеги 371 жарандын жашап жаткан турак жайына (мунапыс объектилерине) укуктары мамлекеттик каттоого алынып жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, башкача айтканда мамлекеттик актылары берилди.
Иш-чарага Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев , «Кадастр мамлекеттик мекемесинин» Өзгөн райондук филиалынын жетекчиси Р.Абдуллаев, тийиштүү айыл өкмөт башчылары жана турак жайына тиешелүү документ алуу үчүн келген жарандар катышышты.