2023-жылдын 18-июль күнү район жетекчиси Ш.Абыкаев кезектеги иш сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан 75 орундуу “Айла” аталышындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштери жана райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун бейтапканасынын жаңы курулуп жаткан имараты менен жеринде таанышты.
Бала бакчанын курулуш иштери Өзгөн шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинен каржыланып, 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап ишке киришкен. Жалпы сметалык баасы 25 254,140 сом. Имараттын курулуш иштери сентябрь айына чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
Ал эми райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун бейтапканасынын жаңы курулуп жаткан имараты Медициналык камсыздоо фонду (ФОМС) тарабынан каржыланып, сметалык баасы 47,5 млн. сомду түзөт. Учурда имараттын курулуш иштери 100% га бүткөрүлгөн. Жакынкы күндөрдө ачылыш аземи болоору күтүлүүдө.