Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.03.2023-жылдагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ 56 сандуу Жарлыгын жана Ош областтык прокуратурасынын коллегиясынын чечимимин талаптарын аткаруу максатында Өзгөн райондук прокуратурасынын демилгеси менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында комиссия түзүлүп, аталган комиссия Өзгөн шаарынын жана Өзгөн районунун аймагындагы автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз, кызыл сызыкка чыгып кеткен, тийиштүү иш кагаздары жок курулган курулуштарды аныктап, жыйынтыгы менен бир нече курулуштар бузулуп, башкы пландын негизинде ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз курулуштар ирээтке келтирилет
Макаланы бөлүшүү
Пикир билдирүү