2023-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мазарипов менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкаев Шабдан Алмасбекович Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкү коркунучу бар аймакта жашашкан жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Аюу айылындагы көчкү коркунучундагы аймактын топурагын жеңилдетип(разгрузка), коопсуз аймакка айлантуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоору менен тааныштырды. Андан сырткары, долбоорду ишке ашыруу учурунда кооптуу аймактагы 9 кожолукту мобилдик үйлөргө жайгаштыруу, убактылуу коопсуз аймака көчүрүү маселеси каралды.
Ш. Абыкаев жер көчкү коркунучу бар аймакта жашашкан жарандар менен жолугушту
Share This Article
Пикир билдирүү