2023-жылдын 24- июль күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп, анда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Өзгөн райондук мамлекетик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев райондук мекеме- ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ФЭБ башчылары, СПА башчылары, үрөөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка кызматкерлер катышышты.
Өзгөн районунун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата маалымат жана алдыга коюлган милдеттердин аткарылышы боюнча
докладдар окулуп, районду мындан ары өнүктүрүү боюнча келечектүү милдеттер талкууланды.
Жыйынтыгында бир нече жетекчилердин ишмердүүлүгү каралып, алардын өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн айрымдарына эскертүү, сөгүш берүү жана жумуш ордун кароо боюнча сунуштар айтылды.
Коллегиялык жыйында облус башчысы Эльчибек Джантаев берилген маалыматтарды жана талкууланган маселелерди эске алуу менен жолугушуунун катышуучуларына Өзгөн районун социалдык-экономикалык абалын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.