2023-жылдын 4-августунда Өзгөн районунда “Жаңы кадам” Республикалык съездине карата алгачкы иш чарасы өткөрүлдү.
“Жаны кадам” Республикалык съездинин негизги максаты:
— аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү активдүү жашоого шыктандыруу,
— жеке жана үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн жоопкерчилик сезимин өрчүтүү,
— социалдык аярлуу топтордун көз каранды болбогонго мотивациалоо;
— иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чарасы катары социалдык келишимди жайылтуу болуп саналат.
Райондук иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис Мукашбекович катышып, иш-чараны Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Мамадалиев Шакир Шамшидинович алып барды.
“Жаңы кадам” Республикалык съездине даярдык көрүү, райондук конференцияны уюштуруп өткөрүү, республикалык съездине делегаттарды тандоо боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын тескемеси менен атайын жумушчу топ түзүлүп, иш чаранын жүрүшүндө Республикалык съездге катышуучу 32 делегат тандалып алынды.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтомун ишке ашыруу максатында 2022-2023-жылдар аралыгында Өзгөн району боюнча 585 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдер түзүлүп, 100000 сомдон бир жолку кайтарымсыз акча каражаты берилген. Социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөр 14 багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы- Инашев Эдил Султанбекович социалдык келишимдин катышуучуларынын аткарып жаткан иштери, жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды берди.
Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын сыйлыктары тапшырылды.