Кыргыз Республикасынын Президентинин облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев жана Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоров катышуусунда Өзгөн шаарындагы №8 “Айла” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылыш аземи болуп өттү.
Бала бакчанын имараты: 2023-жылы курулду, типтүү, 2 кабатуу, 1 корпус, 19 бөлмөдөн турат
Кубаттуулугу: 75 балага ылайыкташтырылган
Тайпалардын саны: 3
Кызматкерлердин саны: 13
Имараттын сметалык баасы: 25254,140 сом
Иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев “Өзгөн-Таза Суу” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жана Таза суу-канализация боюнча долбоордун жүрүшу жөнүндө жана “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жана материалдык-техникалык базасы менен жеринде таан
ышты.