Урматтуу даңазалуу Өзгөн аймагынын кадырлуу эли, журту!
Сиздерди, 31-август мамлекетибиздин эркин өлкө болуп жарыяланган улуу күнү менен куттуктаймын! Бул күн биз үчүн теңдешсиз майрам. Анткени, мындай өз жери, эли, Туусу бар эгемен, өз алдынча мамлекет болуп жашоонун өзү чоң бакыт. Эл үчүн чексиз кубаныч.
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясында бул күн атайын өлкөбүздүн эркиндик күнү-майрам болуп белгиленүүсү мыйзамдаштырылган.
Адамзат тарыхында, анын ичинде Евразиянын аймагында бир нече ирет ак калпак элдин мамлекетин курап, мамлекеттүүлүктүн бийик чеги империяга чейин жеткени тарыхыбызда жазылуу.
Тарых жана тагдыр жолу менен ал бакыттар биздин элге буйруган экен.
Мына эми кылымдар алкагында кийинки мезгилде географиялык чөлкөмдө чоң-кичине хандыктарды түзүп келген элибиз бир чоң, тарыхый улут болгондугунун шарттары менен эзелки кадырлуу беделин кайрадан алып отурат.
Ала-Тообузда Туубуз желбиреп, аны жаңырткан элдин салтанаттуу ыры-гимни ырдалып, турмушубузда өз акча бирдигибиз колдонулуп, ар бир мекемебизде эн белгибиз-гербибиз жаркырайт.
Элдүүлүктүн ушул белгилери ар дайым биз менен болуп, бизден ажырабай чогуу болсун.
Бүгүнкү күндө коомдук турмушубуз өнүгүүнүн жолуна түшүп, ири ийгиликтер жаралууда. Ал жетишкендиктер жеке инсан турмушунан, чоң курулуштардан, адам коомунун жарандык-кесиптик системаларынан көрүнүп турат.
Алар мектеп окуучуларынын, студент жаштарыбыздын дүйнөлүк сынактарда алган алдыңкы орундары, спортчуларыбыздын жеңиштери, илимпоздорубуздун жаңы ачылыштары менен аныкталып отурат.
Адамзат жашоосу кандай коомдук түзүлүшкө туш келсе да өз элдүүлүгүн сактоого аракет кылып келген.
Бүгүнкү күндө элибиздин өткөн тарыхына карап, сарасеп салып, «Манас» баштаган оозеки жана жазма тарыхыбызды изилдеп, окуп, аны үйрөнүп, элдүүлүк белгибизди бекемдөөгө нук алганыбыз сүйүнүчтүү көрүнүш.
Кадырлуу аймагыбыздын кары-жашы, эли, коноктору, сиздер менен бирге бул зор майрамды майрамдап, келечегибиз кең, бейпил болушуна тилек кылам.
Кампабыз данга толуп, өрүшүбүз кенен, жайык болуп, элибиздин ушундай сонун жашоосу уланып, кадырыбыз бийиктей берсин.
Ар бир үй-бүлө кенен тиричилик өткөрүп, ден соолуктары бекем болуп, жашоолорунда дайыма тынчтык болсун!
Каныбек Апбасов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.