Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 75 орундуу Алимусаева Мисират атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын имараты мурдагы мектептин эски имараты. Аны оңдоп түзөө үчүн Ош облустук өнүктүрүү фонддон 2,9 млн, демөөрчүлөрдөн 1,3млн, жергиликтүү бюджеттен 200миң сом каржыланган.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Манапов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Апбасов катышып аты аталган балдар бакчадан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыгаарына ишенээрин айтышты.
Балдар бакчага кошкон салымдары үчүн бир топ жарандарга сыйлыктар тапшырылды.