31-август мамлекетибиздин эркин өлкө болуп жарыяланган улуу күн! Бул күн биз үчүн теңдешсиз майрам. Анткени, мындай өз жери, эли, Туусу бар эгемен, өз алдынча мамлекет болуп жашоонун өзү чоң бакыт. Эл үчүн чексиз кубаныч. 32-жылдык эгемендүүлүктүн урматына райондук мамлекеттик администрациясынын алдында чоң программадагы концерт уюштурулуп район элине өнөрлөрүн тартуулашты. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов район элин майрамы менен куттуктады.