Кароол айыл өкмөтү башкы топтогу административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
- Башкы топтогу административдик-муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-КРнын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды, адам ресурстарын башкаруу жаатында, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу, түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды интеграциялоо, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу, кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү, коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө, өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө), маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
- Улук топтогу административдик-муниципалдык кызмат ордуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — финансылык экономикалык багыттары боюнча,
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба,
ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш,
энергетика багыттары боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат
стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча
кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык
кызматчыларынын этикасынын кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын салык кодекси;
— Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757
токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик-муниципалдык кызмат ордуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим — Финансылык экономикалык
багыттары боюнча, физика-математика илимдери же болбосо мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык,
гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары
боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча
кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык
кызматчыларынын этикасынын кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”
— “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757
токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
— Талап кылынуучу документтер.
-Өздүк арызы, өздүк баракчасы, 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтин көчүрмөлөрү (нотариустан тастыкталган), паспорт көчүрмөсү, резюме, өмүр баян, өздүк карточка, электрондук почта.
Талапкерге тиешелүү документтерди жарыя чыккан күндөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Кароол айыл өкмөтүнө тапшыруу зарыл.
Докумен кабыл алуу дареги: Кароол айыл өкмөтү, Кароол айылы К.Арзибаев көчөсү-26. Байланыш телефондору: 0551 12-12-27, 0777 34-14-58, 0222 45-68-61