Алтын-Булак айыл аймагында фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди.
2023-жылдын 21-сентябрь күнү Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл аймагында фельдшердик-акушердик пункттун ачылуу аземи болуп өттү.Салтанатка Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, райондун прокурору Замирбек Жумабеков, Мырза-Аке жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору жана айыл тургундары катышты.
Район башчысы өз сөзүндө ФАПтын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, калктын саламаттыгы үчүн жасалып жаткан аракеттерди айтып, калкты сапаттуу медициналык жактан тейлөөдө жана алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүүдөгү медицина кызматынын коомдогу ролун жогорулатуу, медициналык мекемелердин материалдык техникалык базаларын чыңдоодогу жасалып жаткан жумуштарга токтолду.
Андан сырткары, мекеменин курулушуна финансылык колдоо көрсөткөн Эл аралык “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесине, курулуштун жүрүшүнө жакындан жардам берген жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирди.