2023-жыдлдын 20-сентябрында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2023-2024-окуу жылына карата аткарылуучу милдеттер боюнча жыйын болуп өттү.
Аталган жыйынга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов , райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, окуу борборлорунун өкүлдөрү, жалпы райондогу мектеп директорлору жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Жыйында район башчысы сөз сүйлөп, Өзгөн районунун билим берүү тармагында ресурстар потенциалы чоң экендигин белгилеп, мындан да чоң ийгиликтерди багындырса болоорун белгиледи. Андан тышкары демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн айтып, билим берүү тармагын жогорку деңгээлге чыгаруу жана мугалимдерге мотивация берүү максатында 2023-2024-окуу жылдары мыкты жетишкендиктерге жеткен мектеп жамаатына автоунаа ошондой эле мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 500 жүз миң сом жана көрсөткүчү эң жашы бала бакчага 300 жүз миң сом акча каражаты каралаарын белгиледи. Андан сырткары бир нече номинациялар жана кызыктыруучу сыйлыктар болоорун айтты. Татыктуу мектептерди тандоодо ачык айкындуулук болуш үчүн атайын жобо иштеп чыгарылып, ар бир билим берүү мекемелерине жеткирүүнү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына тапшырды.
Ошону менен бирге алдыдагы окуу жылына Өзгөн районунун жалпы билим берүү кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.