2023-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” көрүү боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Өзгөн шаары менен биргеликте райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 улгайган жарандарга сый тамак уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага келген аталардын, энелердин өз убагында жасаган көп жылдык эмгектери эске алынып белектер жана акчалай сыйлыктар берилди.
Иш-чарада район башчысы сөз сүйлөп Бул күндүн негизги максаты карыяларга көңүл буруу, алардын муктаждыктарын чечүү, кам көрүү болуп жаткандыгын билдирди. Аларга бекем ден-соолук, бактылуу каарылыкта өмүр сүрүүнү каалады.
Майрамды утурлай, Өзгөн районундагы жүз жаштан ашкан сыйлуу 7 карыядан райондун башчысы Каныбек Апбасов жеринде ар биринен кабар алып, акчалай материалдык колдоо көрсөтүп, белектерди тапшырды.
Районубуздун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өзгөчө эмгек сиңирип, азыркы мезгилде ардактуу эс алууда жүргөн улгайган куракгагы адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун ардагерлерине бир айлыктын алкагында жер-жерлерде кабар алуу улантыларын билдирди.