Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Мугалимдердин эл аралык күнүнө” карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Иш-чарага райондогу билим берүүнүн ардагерлери, кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн мугалимдери чакырылып, аларды куттуктоо үчүн райондун башчысы-аким, облустук мекеме уюмдардын жетекчилери катышышты.
Райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким К.Апбасов өз сөзүндө өлкөнүн жалпы эле коомдун келечеги өсүп келе жаткан жаш муундарда экендигин белгилеп, келечекте татыктуу, билимдүү, адамгерчиликтүү, мекенчил муундарды окутуп тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги зор экенин, ошону менен катар чоң жоопкерчилик талап кыларын билдирди.
Азыркы кезде заман талабына ылайык татыктуу муундарды тарбиялоодо, билим берүүнүн деңгээлин өстүрүп, сапатын жогорулатууга жогорку билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдердин бар экенине ишеним көрсөттү.
Балдардын мыкты билим алуусун бир гана билим берүү кызматкерлеринин милдети эместигин эскертип, бардык мамлекеттик структуралар, коомчулук, ата-энелер катышуусу тийиш экендигин эскертти.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, жеткиликтүү шарттарды жаратууга чакырды. 2023-2024-окуу жылы ичинде 1-этап менен билим сапаты эң алдыңкы 20 мектепке акыркы үлгүдөгү интерактивдүү доскаларды алып берүү тапшырмасын койду.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чын ден соолук, жаркын маанай, берген билими, тарбиясы ар бир жаш муунга тирек болушуна тилектештигин билдирип, татыктуу кесип ээлерине сыйлыктарды тапшырып, мындан ары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.