Өзгөн районунун Ак жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын Сай тарабындагы жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылуу долбоору аякталып, ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылышка район жетекчиси Каныбек Апбасов , АС САФА БОРБОРУ коомдук бирикмесинин өкүлү шейх Мухаммад Абдрахман Альшая катышты.
Район жетекчиси К.Апбасов жергиликтүү тургундарды куттуктап, шейх Альшая мырзага ыраазычылык билдирди. Мындан ары да көптөгөн долбоорлор бар экенин жана биргелешип иш алып барууга даярдыгын айтты.