2023-жылдын 24-октябрь күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында 2023-жылдын III чейрегинин жыйынтыктары жана IV чейрегине милдеттери жөнүндө райондук коллегиялык отурум болуп өттү. Коллегиялык отурумга райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү адистери катышышты. Отурумда райондун акими К.Апбасов 2023-жылдын январь-сентябрь айларында экономикабыздын өсүү багытын камсыз кылуу жана райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн тармактар боюнча аткарууда бир топ алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлгөндүгүн жана айрым кемчилдиктер жөнүндө белгилеп, кийинки чейрекке милдеттерди койду.
Коллегиялык отурум
Макаланы бөлүшүү
Пикир билдирүү