Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
29.08.2023-жыл №72 Жылалды айылы
Красный-Маяк айылынын тургуну Истамов Анарбай Мамасалиевичтин 2017-жылдан бери жашап жаткан Красный-Маяк айылындагы 0,08 га турак жайынын жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылынын тургуну Истамов Анарбай Мамасалиевичтин 2017-жылдан бери жашап жаткан Красный-Маяк айылындагы 0,08 га турак жайынын жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнүндө арызы боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Красный-Маяк айылынын тургуну Истамов Анарбай Мамасалиевичтин 2017-жылдан бери жашап жаткан Красный-Маяк айылындагы 0,08 га турак жайынын жер тилкесин мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №73 Жылалды айылы
Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн районунун Жылалды, Ийри-Суу айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
- Бириккен айыл аймагынын аталышы “Жылалды” деп аталып, борбору Жылалды айылына жайгашуусу жактырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №74 Жылалды айылы
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө.
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча” түшүндүрмөнүн негизинде, Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча” түшүндүрмөнүн негизинде, Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындардар өткөрүлсүн.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындардарда төмөнкү сандагы өкүлдөр шайлансын.
- Жылалды айылынан 25;
2. Красный-Маяк айылынан 25;
3. Прогресс айылынан 25;
4. Кальта айылынан 15;
5. Бото-Мойнок айылынан 10.
3. Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жооптуу депутаттардын тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№1 тиркеме тиркелет.
- Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№2 тиркеме тиркелет.
- Уюштуруу комитетинин Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык, Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№3 тиркеме тиркелет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
1-тиркеме
Жылалды айылдык кеңешинин 28.09.2023-жылдагы №74 токтому менен бекитилди
Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жооптуу депутаттардын тизмеси
- Жунусбаев Динисбек-Жылалды айылынын депутаты;
- Болотов Талгат-Красный-Маяк айылынын депутаты;
- Мамытов Шекербек-Прогресс айылынын депутаты;
- Мамажан уулу Жаныбек-Кальта айылынын депутаты;
- Истамова Жылдызхан-Бото-Мойнок айылынын депутаты.
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Н.Таалайбек кызы
2-тиркеме
Жылалды айылдык кеңешинин 28.09.2023-жылдагы №74 токтому менен бекитилди
Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун тизмеси
- Жунусбаев Динисбек-Жылады айылынын депутаты;
- Болотов Талгат-Красный-Маяк айылынын депутаты;
- Мамытов Шекербек-Прогресс айылынын депутаты;
- Мамажан уулу Жаныбек-Кальта айылынын депутаты;
- Истамова Жылдызхан-Бото-Мойнок айылдынын депутаты;
- Кулматов Адылбек-айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи;
- Юсупов Урустамали-Жылалды айылынын тургуну;
- Эмилбек уулу Талгатбек-Красный-Маяк айылынын тургуну;
- Уркунбаева Уулжан-Прогресс айылынын тургуну;
- Көчкөнбаев Мурат-Кальта айылынын тургуну;
- Азим уулу Элдияр-Бото-Мойнок айылынын тургуну.
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Н.Таалайбек кызы
3-тиркеме
Жылалды айылдык кеңешинин 28.09.2023-жылдагы №74 токтому менен бекитилди
Жылалды айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы
№ | Иш-чаралар | Өткөрүү убактысы | Жооптуулар |
1 | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Жылалды айылындагы жергиликтүү жамааттын жыйынын өткөрүү | 16.10.2023 | Айылдык кеңештин депутаттары |
2 | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Красный-Маяк айылында жергиликтүү жамааттын жыйынын өткөрүү | 17.10.2023 | Айылдык кеңештин депутаттары |
3 | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Прогресс айылында жергиликтүү жамааттын жыйынын өткөрүү | 18.10.2023 | Айылдык кеңештин депутаттары |
4 | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Кальта айылында жергиликтүү жамааттын жыйынын өткөрүү | 19.10.2023
|
Айылдык кеңештин депутаттары |
5 | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Бото-Мойнок айылында жергиликтүү жамааттын жыйынын өткөрүү | 20.10.2023 | Айылдык кеңештин депутаттары |
6 | Жылалды айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү | 18.11.2023 | Айылдык кеңештин депутаттары |
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Н.Таалайбек кызы
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №75 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмесин бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмесин бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жылкы, кулун, ири мүйүздүү мал жана торпок сатуу үчүн 100 (жүз) сом;
Кой, эчки сатуу үчүн 50 (элүү) сом;
Авто унаа токтотуу үчүн 30 (отуз) сом;
Тамак-аш сатуу үчүн орундукка 500 (беш жүз) сом;
Тамак-аш сатуу үчүн чакан орундукка, авто унаа менен туруп тамак-аш сатуучу орундукка жана башка чакан соода сатыкка 100 (жүз) сом.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №76 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Кальта айылындагы бала бакчанын атын “Орун-Датка” атындагы бала бакча деп коюу, балдардын тайпасын жана балдардын санын бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Кальта айылындагы бала бакчанын атын “Орун-Датка” атындагы бала бакча деп коюу, балдардын тайпасын жана балдардын санын бекитип берүү жөнүндө Кальта айылынын тургуну Мусаева Орункандын сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Кальта айылындагы бала бакчанын аты “Орун-Датка” атындагы бала бакча деп коюлсун.
- Бала бакчанын тайпасы кенже, ортоңку, жогорку тайпа болуп бекитилип, кенже тайпага 10 баланы, ортоңку тайпага 20 баланы, жогорку тайпага 25 баланы кабыл алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №77 Жылалды айылы
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансфертинен Жылалды айыл өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансфертинен Жылалды айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 475,3 миң сом акча каражатын Красный-Маяк айылындагы А.Төрөгельдиев атындагы орто мектебинин от казаны бузулуп, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмүнүн 2221 статьясына бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансфертинен Жылалды айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 475,3 миң сом акча каражатын Красный-Маяк айылындагы А.Төрөгельдиев атындагы орто мектебинин от казаны бузулуп, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмүнүн 2221 статьясына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жогорудагы токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №78 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгышы бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл чарба багытында эмес жерлеринин салыгынан 2013-2022-жылдары төлөнбөй калган акча каражатын, 2023-жылдын 1-2-кварталында өндүрүлгөн жер сатуудан 417,5 миң сом, лицензия кармоодон 330,0 миң сом, 3-кварталдагы ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 646,5 миң сом акча каражаттарын 2023-жылдын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл чарба багытында эмес жерлеринин салыгынан 2013-2022-жылдары төлөнбөй калган акча каражатын, 2023-жылдын 1-2-кварталында өндүрүлгөн жер сатуудан 417,5 миң сом, лицензия кармоодон 330,0 миң сом, 3-кварталдагы ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 646,5 миң сом акча каражаттарын 2023-жылдын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн төмөнкү статьяларына киргизүү макулдук берилсин.
ЖКХ статья-2221 +420,0 миң сом
ЖКХ статья-3111 +3634,9 миң сом
ЖКХ статья-2222 +945,1 миң сом
- Жогорудагы токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №79 Жылалды айылы
Красный-Маяк айылындагы 0,02 га жер тилкеси жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный-Маяк айылындагы Эралиев Амангелди Коргонбаевичке 1996-жылы 22-августа чайхана куруу максатында берилген 0,02 га жер тилкеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Джумабаевтин сунуш катынын негизинде маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный-Маяк айылындагы Эралиев Амангелди Коргонбаевичке 1996-жылы 22-августа чайхана куруу максатында 0,02 га жер тилкеси берилген. Азыркы учурда ал жерге мечит курулуп, айыл эли пайдаланып жаткандыгына байланыштуу, Эралиев Амангелди Коргонбаевичтин 2023-жыл 27-сентябрь №72/88-н/72-2023-1-1449 Давыдахунова Рысбугө берген ишеним катынын негизинде, аталган 0,02 га жер тилкесин айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №80 Жылалды айылы
Прогресс айылындагы Нурматова Кыздаркандын жеке менчигиндеги сарай багытындагы 6417 м2 жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Нурматова Кыздаркандын жеке менчигиндеги сарай багытындагы 6417 м2 жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Прогресс айылындагы Нурматова Кыздаркандын жеке менчигиндеги сарай багытындагы 6417 м2 жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
28.09.2023-жыл №81 Жылалды айылы
Жылалды айылындагы №14 Жылалды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына Абдымаликов Маннап Абдымаликовичтин атын берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОсуна таянып, Жылалды айылындагы №14 Жылалды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына саламаттыкты сактоо тармагына салым кошуп, калкты медицина жактан тейлөөдө көптөгөн ийгиликтерди жаратып, жогорку деңгээлдеги кесиптик чебердиги менен көп жыл үзүрлүү эмгектенип кеткен Абдымаликов Маннап Абдымаликовичтин атын берүү жөнүндө №14 Жылалды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин чогулушунун протоколу, Жылалды айылынын тургуну Акматова Санабар Кенжебаевнанын сунуш каты боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айылындагы №14 Жылалды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына саламаттыкты сактоо тармагына салым кошуп, калкты медицина жактан тейлөөдө көптөгөн ийгиликтерди жаратып, жогорку деңгээлдеги кесиптик чебердиги менен көп жыл үзүрлүү эмгектенип кеткен Абдымаликов Маннап Абдымаликовичтин аты берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров