Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында асыл тукум малдын башын өстүрүү максатында Ага Хан Өнүктүрүү уюму жана USAIDдин долбоору менен курулган ДЕМОСАРАЙ жана ветеринардык дарылоо боюнча комплекстүү клиникасы ачылды.Ачылышка райондун башчысы К.Апбасов, фондордун өкүлдөрү жана райондогу фермерлер катышты.Аким өз сөзүндө асыл тукум мал чарбачылык тармагындагы ишти активдештирүүгө, малдарды жасалма уруктандыруу боюнча кызматты бардык жерлерде өнүктүрүү жана кеңейтүү, сандан сапатка өтүү зарыл экенин белгиледи. Долбоорду ишке ашырган уюмдарга ыраазычылык айтып, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.Өзгөн районунун аймагына Ага Хан Өнүктүрүү уюму жана USAIDдин долбоору менен 5 комплект ийри мүйүздү малдарды жасалма жолу менен уруктандырууга керек болгон жабдыктар берилген.Райондо 2023-жылдын 9 ай ичинде 289 баш бодо мал жасалма жолу менен уруктандырылды. Жалпысынан районубузда 24176 баш жылкы, 233247 баш кой, 80899 баш бодо мал бар.
Мал чарбасын өнүктүрүүгө шарттар түзүлүүдө
Share This Article
Пикир билдирүү