Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата Өзгөн районунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-уюмдун жетекчилери катышты.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Апбасов Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдык маарекеси менен куттуктап, кылымга тете убакыт ичинде кыргыз милициясы мезгил сыноолорун татыктуулук менен жеңип, коомдук тартиптин сакчысы катары эл ишенимине ээ болгон кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен так аткарып, жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымы үчүн Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана милициянын ардагерлери Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана акчалай белектери менен сыйланды.