Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол куруу керектиги тууралуу маселе буга чейин көтөрүлүп келген. Айланма жол Ош-Бишкек жолунун Төрт-Көл, Баш-Дөбө айыл аймактарынан өтүп, Кароол айыл өкмөтүнө түз чыгуусу каралган. Долбоор өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Бүгүн, район акими Каныбек Апбасов долбоорду ишке ашыруучу адистер менен биргеликте, тиешелүү кызматтардын катышуусунда альтернативдүү жол өтүүчү жай боюнча сунушталган долбоордун жерин кыдырып чыкты. Долбоордун ыкчам ишке ашыруу үчүн толук кандуу иш-чаралар жүргүзүлөт.