Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жыл ичинде колдонууга бериле турган 100 мектептин бири болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Алга айылында 150 орундуу мектебинин жаңы имараты колдонууга берилди.
Иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, Жогорку кеңештин депутаты Д.Төлөнов, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Апбасовдор катышышты.
Райондун башчысы аким билим уясынын ачылышы менен куттуктап, келечек мууну болгон окуучуларга жана агай, эжекелерге ийгиликтерди каалады.