3-декабрь “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү», “Биз жашоодо биргебиз” аттуу райондук иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаев катышып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бүткүл дүйнө боюнча Эл аралык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү 3-декабрь күнү белгиленип, алардын көйгөйлөрүнө элдин көңүлүн бурууга багытталгандыгын белгилеп, иш-чарага келгендерге каалоо тилектерин айтып өттү.
Райондун жетекчиси К.С.Апбасов баардык адамдардын укуктары бирдей экендигин, ден соолугу чектелген адамдар да ийгиликке жетип, тарыхта изин калтырып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билдирип, иш-чарага активдүү катышкан таланттууларга жана кол өнөрчүлөргө белектерди тапшырды.
Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондогу мекеме уюмдар, жеке демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өнөрлүү таланттары жана маданият бөлүмүн концерттик программасынын коштоосу менен өтүп, сый тамактар, белектер берилди.
Райондо 2023-жылдын 20-ноябрынан 20-декабрына чейин ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгы жарыяланып, анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка кабыл алуу, аларга шарттарды түзүү, имараттарга пандустарды орнотуу, моралдык, материалдык колдоолорду көрсөтүү, ар тараптуу жардамдарды уюштурууну колго алуу иш-чаралары жүрүүдө.
Кайрымдуулук айлыгынын жүрүшүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан жеринен кабар алып, материалдык колдоолорду көрсөтүштү.