Өзгөн шаарында 2024-жылдын 24-январында узаткан 2023-жыл ичинде иштеген кызматтарында ак эмгек кылып ийгиликтерге жетишкен жана аларды өз жамааттары «мыкты» деп табышкан, райондун 270 миңден ашык калкынын ичинен 89 атуулга «Өзгөн нуру» гезитинин дипломдору ыйгарылды.
Азем жыйынга Өзгөн раймамадминистрациянын башчысы-акимдин орун басары Рахымбек Мырзакулов, Жалал Алиев жетектеген газетабыздын эмгек жамааты, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Каныбек Эргешов баш болгон бир катар мекеме-уюм жетекчилери жана диплом ээлери катышышты.
Азем жетекчилердин куттуктоо сөздөрү менен башталып, Бактияр Назарбаев башчылык кылган райондук маданият бөлүмүнүн артисттеринин мукам обондорунун коштоосунда дипломдор сый ээлерине тапшырылды.
Турсунбай Тагаев баштаган райондун акын-жазуучулары ырларын окушуп, оптимисттик маанайдагы сөздөрү менен ал мыкты жарандарды дагы бийик ашуучу белестерге чакырып өтүштү.
Ошондой эле, кече жүрүшүндө мыктыларга арналган сый тамак сунулду. (Мындай уюштурулган сый-азем редакция тарабынан көп убакыттан бери биринчи ирет уюштурулуп жана ал жагымдуу деңгээлде өткөнүн катышуучулар ыраазычылык менен айта кетишти).
P.S. Кеп анда эмес. Кеп калдайган кең Өзгөндүн көп улуттуу элинин бекем ынтымагына, кооз табиятынын сакталышына, анан адам жашоосунун кайсы тармагы болсо да кыйгап өтпөй ошону «өнөр алды кызыл тил» менен реалдуу мактап, жактап бараандуу салым кошуп келаткан редакциянын газетасынын салымы да бар…
Ал эми ошол тарыхый аймагыбыздын ар тараптуу жактан гүлдөп өнүгүшүнө жогоруда белгиленген мыкты атуулдарыбыздын эмгеги чоң.
Биз, бул күнү берилген ак баталарга, изги тилектерге, таза ниеттерге, орошон ойлорго кошулабыз.
Жылдын мыктылары
Share This Article