Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIX сессиясынын
ТОКТОМУ
08.12.2023-жыл №94 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктарын жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтыруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIX сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пункчасына таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктарын жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адис-салыкчысы А.Бекботоевдин сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктарын жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтырууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адис-салыкчысы А.Бекботоевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XX сессиясынын
ТОКТОМУ
26.12.2023-жыл №95 Жылалды айылы
Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октыбрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгон районунда Административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн районунун Жылалды Төрт-Көл айыл аймактарын бириктирүү долбоору жактырылсын.
- Бириккен айыл аймагынын аталышы “Жылалды” деп аталып, борбору Жылалды айылына жайгашуусу жактырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XX сессиясынын
ТОКТОМУ
26.12.2023-жыл №96 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнө 2024-жылга айыл чарба багытында эмес жерлеринин салыгына 1370000 (бир миллион үч жүз жетимиш миң) сом план тапшырмасын карап, теңдештирүүчү грант бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюжетине 2013-2022-жылдардагы өндүрүлбөй келген айыл чарба багытында эмес жерлердин жана “Дордой” дүң соода базарынын эски карыздарынын эсебинен кошумча 5700000 (беш миллион жети жүз миң) сом план өндүрүлүп алынган. 2024-жылдын бюджетинин болжолунда Жылалды айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгына 1370000 (бир миллион үч жүз жетимиш миң) сомдун ордуна 6490000 (алты миллион төрт жүз токсон миң) сом план тапшырма берилип жатат жана теңдештирүүчү грант берилбей калууда. Жогорудагы берилген 6490000 (алты миллион төрт жүз токсон миң) сом план тапшырманы 2024-жылы аткарганга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгына 1370000 (бир миллион үч жүз жетимиш миң) сом план тапшырмасын карап, теңдештирүүчү грант бөлүп берүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл өкмөтүнө 2024-жылга берилген 6490000 (алты миллион төрт жүз токсон миң) сом план тапшырманы аткарганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгына 1370000 (бир миллион үч жүз жетимиш миң) сом план тапшырмасы каралып, теңдештирүүчү грант бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Жылалды айыл өкмөтүнө 2024-жылга берилген 6490000 (алты миллион төрт жүз токсон миң) сом план тапшырманы аткарганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгына 1370000 (бир миллион үч жүз жетимиш миң) сом план тапшырмасы каралып, теңдештирүүчү грант бөлүп берүү жагы суралсын.
- Жогорудагы токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров