Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл №1 Жылалды айылы
Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызынын 15.01.2024-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
Иш-план тиркелет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
БЕКИТЕМ
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы _______________ М.Акназаров 18-январь 2024-жыл
Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн
ИШ-ПЛАНЫ
№ |
Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга жооптуулар |
1 | 1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө.
3. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. |
1-квартал | Туруктуу комиссия
Айыл өкмөтүнүн башчысы
ФЭБнүн башчысы Туруктуу комиссия |
2 | 1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.
3. Салыктардын аткарылышы КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө. |
2-квартал | Соц. адис
Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
Салыкчы, жер адис Туруктуу комиссия
|
3 | 1. Айыл өкмотүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
2. Кыш мезгилине карата даярдыктар жөнүндө.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. |
3-квартал | ФЭБнүн башчысы
Туруктуу комиссия
Соц. адис Туруктуу комиссия Айыл башчылар Туруктуу комиссия |
4 | 1. Аймактык тескөөчүлөрдүн 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
2. СВА, ФАПтар, почта бөлүмүнүн, маданият үйүнүн жана айылдык китепкананын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
3. Жылалды жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. |
4-квартал | Аймактык тескөөчүлөр
Туруктуу комиссия Соц.адис Туруктуу комиссия
Соц.адис Туруктуу комиссия
|
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызы
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл №2 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгү, 2025-2026-жылдарга болжолун кароо жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 15.01.2024-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгү 21337,4 (жыйырма бир миллион үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
(№1, №2 тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга концолидацияланган бюджетинин болжолу №3, №4 тиркемеге ылайык жактырылсын.
(№3, №4 тиркеме тиркелет)
3. Айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын.
а) 2024-жылга кирешелер боюнча болжол 21337,4 (жыйырма бир миллион үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом суммасында, 2025-жылга 24778,2 (жыйырма төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом жана 2026-жылга 24778,2 2 (жыйырма төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом суммасында.
б) 2024-жылга чыгашалар боюнча болжол 21337,4 (жыйырма бир миллион бир жүз алты миң сегиз жүз) сом суммасында, 2025-жылга 24778,2 2 (жыйырма төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом жана 2026-жылга 24778,2 2 (жыйырма төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом суммасында.
4. Айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна төгүмдөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, стипендиялар) боюнча жүргүзүлсүн.
6. Ушул токтомго ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
9. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
11. Айланма кассалык калдык (оборотной кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 100,0 (бир жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Айыл өкмөтүнүн резерф фондусунун 177,8 (бир жүз жетимиш жети миң сегиз жүз) сом акча каражаттары КРнын мыйзамдарынын негизинде иштетилсин.
13.а) Жылалды айыл аймагынын экономикалык-пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,4гө барабар деп кабыл алынсын.
б) Бул токтом айыл чарба багытында эмес жер салыгын эсептөөдөн жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу объектилерине-салык чегерүү 2024-жылдын 18-январынан күчүнө кирсин.
в) Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнө түшүүчү мүлк салыктары айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.
г) Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, жеке ишкерлердин иштеген адамдын санына карата ар бир адамга 100 (жүз) сомдон таштанды чыгаруу көлөмү бекитилсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
№1-тиркеме
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат
№ | Кирешенин түрлөрү
|
Сумма |
1 | Киреше салыгы | 8218,0 |
2 | Патент түрүндөгү салык | 770,0 |
3 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 307,0 |
4 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 607,2 |
5 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 234,1 |
6 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
6490,0 |
7 | Жайыттарды пайдалануу акысы | 220,0 |
8 | Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы | 871,0 |
9 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 67,9 |
ЖАЛПЫ | 17785,2 | |
10 | Атайын каражаттар | 3552,0 |
БАРДЫГЫ | 21337,2 |
ФЭБнүн башчысы: Н.Мырзабаева
№2-тиркеме
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык чарбалык маселелерди чечүүгө кетүүчү акча каражаттарынын болжолдуу чыгымы боюнча маалымат
№
|
Чыгашанын түрлөрү | Сумма(сом) | |
Атайын корголгон статьялар | |||
1. | Эмгек акы | 9078700 | |
2. | Соц фонд төлөмү | 1173000 | |
3. | ГСМ | 237600 | |
4. | Автоунаа ондоого | 40000 | |
5. | Сапар чыгымдарына | 250000 | |
6. | Бирдик салууга | 30000 | |
7. | Интернет төлөмү | 57600 | |
8. | Тамак аш сатып алуу (атайын каражат) | 3552000 | |
9. | Тамак аш сатып алууга | 2289600 | |
10. | Көмүр сатып алууга | 1318500 | |
11. | Резервдик фондко | 177800 | |
12. | Кредиттик төлөнүүчү эсептерге | 2112000 | |
Жалпысы | 20316800 | ||
Социалдык маселелер | |||
13. | Мугалимдердин күнүнө | 20000 | |
14. | Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнүнө | 10000 | |
15. | Афган катышуучуларына | 15000 | |
16. | Баткен коогаланынын катышуучуларына | 15000 | |
17. | Чернобль кырсыгынын катышуучусунун жесирине | 10000 | |
18. | Энелер күнүнө | 70000 | |
19. | 9-май Улуу Ата-Мекендик Жеңеш майрамына | 10000 | |
20. | 1-июнь балдарды коргоо күнүнө | 40000 | |
21. | Мектептердин акыркы конгуроо майрамына | 20000 | |
22. | 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө | 120000 | |
23. | Карыялар күнүнө | 60000 | |
24. | Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө | 60000 | |
25. | Билим берүүнү өркүндөтүү үчүн | 60000 | |
26. | 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына | 80000 | |
27. | 21-март Нооруз майрамына | 80000 | |
28. | Аймактык инспекторлорго | 30000 | |
29. | Көрнөк жарнактарды жасатууга | 120000 | |
Жалпысы | 820000 | ||
30. | Өзгөчө кырдаалдарга | 200600 | |
ИТОГО | 21337400 |
ФЭБнүн башчысы: Н.Мырзабаева
№3-тиркеме
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2025-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат
№ | Кирешенин түрлөрү
|
Сумма |
1 | Киреше салыгы | 8570,0 |
2 | Патент түрүндөгү салык | 770,0 |
3 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 307,0 |
4 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 607,0 |
5 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 234,1 |
6 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1370,0 |
7 | Жайыттарды пайдалануу акысы | 220,0 |
8 | Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы | 871,0 |
9 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 67,9 |
ЖАЛПЫ | 13026,2 | |
10 | Атайын каражаттар | 3948,0 |
11 | Теңдөөчү грант | 7804,0 |
БАРДЫГЫ | 24778,2 |
ФЭБнүн башчысы: Н.Мырзабаева
№4-тиркеме
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат
№ | Кирешенин түрлөрү
|
Сумма |
1 | Киреше салыгы | 8570,0 |
2 | Патент түрүндөгү салык | 770,0 |
3 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 307,0 |
4 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 607,0 |
5 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 234,3 |
6 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1370,0 |
7 | Жайыттарды пайдалануу акысы | 220,0 |
8 | Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы | 871,0 |
9 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 67,9 |
ЖАЛПЫ | 13026,2 | |
10 | Атайын каражаттар | 3948,0 |
11 | Теңдөөчү грант | 7804,0 |
БАРДЫГЫ | 24778,2 |
ФЭБнүн башчысы: Н.Мырзабаева
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 3 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2023-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2024-жылга түзүлгөн бюджетинин сметасын бектип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2023-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2024-жылга түзүлгөн бюджетинин сметасын бекитип берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2023-жылда аткарган иштеринин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылга түзүлгөн бюджетинин сметасы 240000 (эки жүз кырк миң) сомго бекитилсин.
Тиркеме тиркелет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
БЕКИТЕМ
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы _______________ М.Акназаров 18-январь 2024-жыл
Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт комитетинин) 2024-жылга карата киреше жана чыгашаларынын бджетинин сметасы
Киреше | ||||||
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Которуу коэффициенти | Шарттуу малдын башы | Жайыт төлөмү (сом) | Сумма (сом) |
1 | Кой-эчки | 4300 | 0,2 | 860 | 150 | 129000 |
2 | Жылкы | 165 | 1 | 165 | 150 | 24750 |
3 | Кара мал | 575 | 1 | 575 | 150 | 86250 |
Жалпы | 5040 | 1600 | 240000 |
Чыгаша | |||||
№ | Чыгымдардын аталышы | Штаттык бирдик | Айы | Баасы | Суммасы (сом) |
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 6000 | 72000 |
2 | Бухгалтердин эмгек акысы | 1 | 12 | 4000 | 48000 |
3 | Соц.фонд 17,25 % | 20700 | |||
4 | Транспорт чыгымдарына | 10000 | |||
5 | Кеңсе буюмдарына | 5000 | |||
Жайыт комитетинин чыгымдары | 155700 | ||||
6 | Жер салыгы | 0 | |||
7 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга | 80300 | |||
8 | Райондук ассоцация үчүн | 4000 | |||
Бардыгы | 240000 |
Жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеев
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 4 Жылалды айылы
Аймактык инспектор жана өспүрүмдөр боюнча инспектордун 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аймактык инспекторлордун (муратов Орозбай Мамазакирович, Бегалиев Нурсултан Абдыманапович, Абибиллаев Каныбек Сагынович) 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 29.12.2023-жылы берген маалыматтары боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу аймактык инспекторлордун (муратов Орозбай Мамазакирович, Бегалиев Нурсултан Абдыманапович, Абибиллаев Каныбек Сагынович) 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 29.12.2023-жылы берген маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 5 Жылалды айылы
СВА, ФАП кызматкерлеринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 29.12.2023-жылы берген маалыматтары боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 6 Жылалды айылы
Билим берүү мекемелеринин 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 16-беренесинин негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин директорлорунун (С.Жоошбаев, Ж.Абдулахат кызы, Д.Алымбаева, А.Айтбай уулу) 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин директорлорунун (С.Жоошбаев, Ж.Абдулахат кызы, Д.Алымбаева, А.Айтбай уулу) 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтары канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 7 Жылалды айылы
Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин директорлорунун (К.Кочконова, Б.Сапарбаева, Б.Анарбаева, А.Акылбек кызы) 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин директорлорунун (К.Кочконова, Б.Сапарбаева, Б.Анарбаева, А.Акылбек кызы) 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтары канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 8 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн салык төлөмдөрү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январь № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 74-75-беренелеринин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата салык төлөмдөрү жөнүндөгү айыл окмөтунүн башкы адиси-салыкчы А.Бекботоевдин сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоонун аймактык коэффициенти 2024-жылга карата 1,4гө барабар деп бекитилсин.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, жеке ишкерлердин иштеген адамдын санына карата ар бир адамга 100 (жүз) сомдон таштанды чыгаруу көлөмү бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл № 9 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн 29.11.2018-жылдагы №82 токтомун өз күчүндө калтырууга макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясында 09.12.2022-жылдагы №44 токтому менен Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасында жайгашкан коомдук жайларга берилген жер тилкелерине өзгөртүү киргизилген башкы планды бекитип берүүгө макулдук берилген. Бекитилген башкы планда Жылалды айыл өкмөтүнүн 29.11.2018-жылдагы №82 токтому менен Молдошбаева Санталатка Прогресс айылынан айыл чарба багытында турбаган жараксыз жерди өздөштүрүү жана асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өндүрүшүнө пайдалануу үчүн 0,10 га жер тилкеси убактылуу 7 (жети) жылдык мөөнөткө пайдалануу укугу берилген жер тилкесинде жол көрсөтүлгөн. Молдошбаева Санталатка пайдалануу укугу берилген мөөнөт бүткөнгө чейин Жылалды айыл өкмөтүнүн 29.11.2018-жылдагы №82 токтомун өз күчүндө калтырууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдошбаева Санталатка Прогресс айылынан айыл чарба багытында турбаган жараксыз жерди өздөштүрүү жана асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өндүрүшүнө пайдалануу үчүн 0,10 га жер тилкеси убактылуу 7 (жети) жылдык пайдалануу укугу берилген мөөнөт бүткөнгө чейин Жылалды айыл өкмөтүнүн 29.11.2018-жылдагы №82 токтомун өз күчүндө калтырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл №10 Жылалды айылы
Жылалды айылынын А.Токтобаев атындагы көчөсүндөгү таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкеси жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылынын А.Токтобаев атындагы көчөсүндөгү таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесин (болжол Авитахунов Янгибайдын үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүү жөнүндө “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Т.Давлятовдун билдирүүсү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылынын А.Токтобаев атындагы көчөсүндөгү таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесин (болжол Авитахунов Янгибайдын үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл №11 Жылалды айылы
Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкеси жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесин (болжол Кулматов Сагынбайдын үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүү жөнүндө Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Т.Давлятовдун билдирүүсү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесин (болжол Кулматов Сагынбайдын үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 20 м2 жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын
ТОКТОМУ
18.01.2024-жыл №12 Жылалды айылы
Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 0,18 га жер тилкеси жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 0,18 га жер тилкесин (болжол Хакимов Шакирдин үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 0,18 га жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүү жөнүндө Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Т.Давлятовдун билдирүүсү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТАТ:ОМ КЫЛ
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылынын Т.Каримов атындагы көчөдө жайгашкан таза суу насосу орнотулган 0,18 га жер тилкесин (болжол Хакимов Шакирдин үйүнүн жанында), таза суу насосу орнотулган 0,18 га жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо, таза суу насосун жана төлөмүн көзөмөлдөө үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Замзам Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №13 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн жалпысы 1700 м2 жер тилкесине мамлекеттик акт алууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн жалпысы 1700 м2 жер тилкесине мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Өзгөн филиалынан аталган жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам ченеминде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №14 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын №749-контурдагы 0,30 га, №740-контурдагы 0,25 га, жалпысы 0,55 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын №749-контурдагы бак эсебинде белгиленген 0,30 га, №740-контурдагы бак эсебинде белгиленген 0,25 га, жалпысы 0,55 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын №749-контурдагы бак эсебинде белгиленген 0,30 га, №740-контурдагы бак эсебинде белгиленген 0,25 га, жалпысы 0,55 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Өзгөн филиалынан аталган жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам ченеминде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №15 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылынын өзгөртүү киргизилген башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылынын башкы планында Дыйканбаев Айбектин жеке менчик турак жай үйүнүн жер тилкесинде жол белгиленип калгандыктан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Ош проект строй ишканасы менен макулдашып 28.12.2023-жылы башкы планга өзгөртүү киргизилген. Өзгөртүү киргизилген башкы планды бекитип берүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылынын башкы планында Дыйканбаев Айбектин жеке менчик турак жай үйүнүн жер тилкесинде жол белгиленип калгандыктан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Ош проект строй ишканасы менен макулдашып 28.12.2023-жылы өзгөртүү киргизилген башкы планды бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №16 Жылалды айылы
Мисиров Улукбек Кудайбердиевичтин жеке менчигиндеги жалпы аянты 1200 м2 турак жай багытындагы жер тилкесинен 98 м2 жер тилкесинин багытын калкты тейлөө максатында пластик эшик-терезелерди жасоочу цех багытына өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылындагы Мисиров Улукбек Кудайбердиевичтин жеке менчигиндеги идентификациялык коду 5-06-06-1003-0590, жалпы аянты 1200 м2 турак жай багытындагы жер тилкесинен 98 м2 жер тилкесинин багытын калкты тейлөө максатында пластик эшик-терезелерди жасоочу цех багытына өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылындагы Мисиров Улукбек Кудайбердиевичтин жеке менчигиндеги идентификациялык коду 5-06-06-1003-0590, жалпы аянты 1200 м2 турак жай багытындагы жер тилкесинен 98 м2 жер тилкесинин багытын калкты тейлөө максатында пластик эшик-терезелерди жасоочу цех багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Өзгөн филиалынан аталган жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам ченеминде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №17 Жылалды айылы
Жылалды айыл өкмөтүнүн жер фондунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн жер фондунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдарын карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Жылалды айыл өкмөтүнүн жер фондунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Жылалды айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №18 Жылалды айылы
Жылалды айылына мектеп окуучулары, жашоочулар эс алуусу үчүн спорттук аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылындагы №8 Жылалды орто мектебин 2004-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен башталгыч класстар окуучу имараттын жанындагы 200 м2 жер тилкесине мектеп окуучулары, жашоочулар эс алуусу үчүн спорттук аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылындагы №8 Жылалды орто мектебин 2004-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен башталгыч класстар окуучу имараттын жанындагы 200 м2 жер тилкесине мектеп окуучулары, жашоочулар эс алуусу үчүн спорттук аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын
ТОКТОМУ
12.02.2024-жыл №19 Жылалды айылы
Кароолкана куруп жашоо үчүн “Баасыз-Ата” таза суу коомунун кызматкери Кожомбердиев Орозго таза суу кампасынын жанындагы 600 м2 жер тилкесине кароолкана куруп жашоого макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы ичүүчү таза суу кампасынын тазалыгын, коопсуздугун көзөмөлдөп жана сууну өз убагында ачып, жаап туруу максатында “Баасыз-Ата” таза суу коомунун кызматкери Кожомбердиев Орозго таза суу кампасынын жанындагы 600 м2 муниципалдык менчиктеги жер тилкесине кароолкана куруп жашоого макулдук берүү жөнүндө Прогресс айылынын жашоочуларынын арызы боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылындагы ичүүчү таза суу кампасынын тазалыгын, коопсуздугун көзөмөлдөп жана сууну өз убагында ачып, жаап туруу максатында “Баасыз-Ата” таза суу коомунун кызматкери Кожомбердиев Орозго таза суу кампасынын жанындагы 600 м2 муниципалдык менчиктеги жер тилкесине кароолкана куруп жашоого макулдук берилсин.
2. Прогресс айылындагы ичүүчү таза суу кампасынын тазалыгын, коопсуздугун көзөмөлдөп жана сууну өз убагында ачып, жаап туруу милдетинен “Баасыз-Ата” таза суу коомунун кызматкери Кожомбердиев Ороз өз каалоосу менен баш тартканда же жашоочулардын сунушу менен башка кызматкер көрсөтүлгөндө 600 м2 муниципалдык менчиктеги жер тикесине курулган кароолкананы муниципалдык менчикте калтыруу боюнча депутаттардын сунушу эске алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага М.Акназаров