Жалпак-Таш айыл өкмөтү административдик жана муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине жана бош кызмат орунга талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кенже топтогу административдик муниципалдык бош кызмат орундарына кадр резервине кирүү (жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адис):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим — Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба багыттары боюнча
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына кадр резервине кирүү (мал чарбачылыгы боюнча адис):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим — Ветеринардык, Айыл чарба, багыттары боюнча.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария боюнча”;
Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”; Мыйзамы.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер:
– жеке арыз, паспорттун көчүрмөсү, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрүн (иш стажы бар болсо), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
Талапкерлер тийиштүү документтерин гезитке же сайтка жарыя чыккан күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшыруусу зарыл.
Документ кабыл алынуучу дарек: Жалпак-Таш айыл өкмөтү Курбу-Таш айылы Абдыкаар көч- 35
Байланыш үчүн телефону: (0551)-72-72-84, 0707487967
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнү
н башчысынын
орун басары-жооптуу катчы М.Калдыбаева