Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 24 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын А.Карашев тургуну Төлөнбаев Бакытбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну А.Карашев көчөсүнүн тургуну Төлөнбаев Бакытбектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-2605 номери менен 0,08 га өз менчигинде турган жеринен 100 м2 жер аянтын соода сатык багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 25 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын А.Карашев көчөсүнүн тургуну Осмонов Акылбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну А.Карашев көчөсүнүн тургуну Осмонов Акылбектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-2603 номери менен 0, 08 га өз менчигинде турган жеринен 30 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 26 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын А.Полотов көчөсүнүн тургуну Шеримбекова Бурайманын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну А.Полотов көчөсүнүн тургуну Шеримбекова Бурайманын арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-4031 номери менен 0, 19 га өз менчигинде турган жеринен 120 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 27 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын А.Үркүнбаев көчөсүнүн тургуну У.Кенеевдин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну А.Үркүнбаев көчөсүнүн тургуну У.Кенеевдин арызынын негизинде өз менчигинде турган жеринен 12 м2 жер аянтын соода сатык багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 28 19- апрель. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл өкмөтүндө келишимдин негизинде эмгектенген кызматкерди жумушка кабыл алуу жөнүндө”
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын келишимдин негизинде жумушка кабыл алынган кызматкерди жумушка кабыл алуу сунушун талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Алтын –Булак айылына айыл башчы жумушуна Маматов Абдиланы келишимдин негизинде жумушка кабыл алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Анарбековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Финансы экономика бюджет жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жанаинвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 29 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын Ш.Койлубаев тургуну Паттаева Нуржандын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну Ш.Койлубаев көчөсүнүн тургуну Паттаева Нуржандын арызынын негизинде максаттык багытынан индентификациялык 5-06-15-1001-4386 номери менен 0,15 га өз менчигиндеги 800 м2 жерди элди тейлөө багытына, 700 м2 жер аянтын турак жай катары пайдаланууга өзгөртүлүп берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 30 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « . Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл аймагынын Обком айылынын Ү.Курманалиев көчөсүнүн жашоочуларынын жамаатынан Осмоналиева Нурипа Токтосуновна , К.Жумалиев көчөсүнүн жашоочуларынын жамаатынан Сатбаралиева Жумагул Сатбаралиевна Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлигине көрсөткөн жамааттардын протоколдук чечимдеринин негизинде макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 31 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын К.Сакыев көчөсүнүн тургуну Апалакова Калбүнүн арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну К.Сакыев көчөсүнүн тургуну Апалакова Калбүнүн арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-2375 номери менен 0, 14 га өз менчигинде турган жеринен 36 м 2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 32 23- июль. 2024-жыл.
Мырза – Аке айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл аймагынын төмөндөгү жаранга “Ардактуу атуул” наамы берилсин.
1) Токоев Абдыманап
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын ТОКТОМУ Мырза-Аке айылы . № 33 23- июль. 2024-жыл. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө турак жай, айыл чарба жерлерине аукцион өткөрүү,жер маселелерин муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « . Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү турак жай, айыл чарба жерлерине аукцион өткөрүү, жер маселелерин муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1) М.Бусуев- айыл өкмөтүнүн жер адиси-комиссиянын төрагасы, 2) А.Абылкасымов –айыл өкмөтүнүн юристи-комиссиянын катчысы, 3) А.Жолуев –айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү, 4) М.Джаныбеков- айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү, 5) М.Апарханов — айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү, 6) Э.Жороев — айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү, 7) Ү.Юлдашев – Обком айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү, 8) Акылбек уулу Аман –Адыр айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү, 9) П.Ормонбекова –Коммунист айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү, 10) Т.Тазабеков- Алтын-Булак айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү, 11) А.Мамытова –айылдык кеңештин катчысы-комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: Г.Жороева.
|
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 34 23- июль. 2024-жыл.
Алтын-Булак айылындагы айыл өкмөтүнүн эски имаратын бала бакча багытына которуп,бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын сунушунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алтын-Булак айылындагы айыл өкмөтүнүн эски имаратын бала бакча багытына которуп,бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
- Токтомдун көзөмөлдөө жагын “Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 35 23- июль. 2024-жыл.
“Муниципалдык менчик объектилерин
пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобосун” кабыл алуу жана тандалып алынган бизнес-өнөктөштөргө ижарага берүү жѳнүндѳ”
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчикти пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Мырза-Аке айылыдк аймагы боюнча «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобосу кабыл алынсын (тиркеме №1)
- Мырза-Аке айылдык кеңештин 23.07.2024-жыл № 35 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Руслан ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Манабаев Бектур Медетбаевичке “Чечабай айылында сүт топтоп, муздатуучу цех куруу жана жабдууларын сатып алуу” жана Бизнес-өнөктөш Тенизбаева Нургул Абдыкадыровнага “Адыр айылында тигүү цехин куруу жана жабдууларын сатып алуу”тандалып алынган экономикалык ири долбоолорун ишке ашыруу үчүн ижарага берилсин.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Руслан белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берилсин.
3. Бизнес-өнөктөштөр Манабаев Бектур жана Тенизбаева Нургул:
– өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
– ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мызамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык
кеңешинин №35
токтомуна тиркеме
“23”июль 2024-ж
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
- Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бектилген “Муниципалдык менчиктин объектилерин пайдаланууга жана ижара берүү тартиби жѳнүндѳ типтүү жобого” ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
- Муниципалдык менчиктин объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Жобонун 8-бѳлүгүнүн жана 11-пункттун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.
- Муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга укук берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык төлөмдөрдү, юридикалык жыйымдарды же бүтүмдү аяктоо үчүн зарыл болгон башка чыгымдарды алып салуудан кийин жергиликтүү бюджетке түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген жак бүтүмдү мамлекеттик каттоо органында каттоого, ошондой эле ар кандай каттоого кеткен чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр
- Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:
ижара – ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объектти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мөөнөткө берүү;
ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;
аукцион – тооруктун түрү, мында эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
аукционду алып баруучу – тоорукту аукцион формасында жүргүзгөн жана аукционду өткөрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жак;
арыз ээси – муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;
конкурс – тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;
муниципалдык менчиктеги объект – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
оперативдүү башкаруу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;
пайдалануу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тоорук өткөрбөстөн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк объекттерин берүүнүн формасы;
муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү – жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги объекттерге карата ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;
тоорук – муниципалдык менчикте турган объекттерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндө берүү ыкмасы;
катышуучу – тоорукка катышууга уруксат алган арыз ээси;
чарба жүргүзүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы.
3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү
- 7. Муниципалдык мүлк муниципалдык ишканаларга жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугуна өбөлгө болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгө берилет.
- 8. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү субижарага өткөрүп бере алышат, күрөө катары көрсөтүп, башка операцияларды жүргүзө алышат.
- 9. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруучунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдүү башкарууга берилет.
- 10. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.
- 11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кеңештин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.
- 12. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.
4-Глава. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү
- Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү тооруктар өткөрүү аркылуу ишке ашырылат
- 14. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
- 15. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты муниципалдык менчикти ижарага берүү үчүн максималдуу бааны алуу жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарылдыгы болгон учурларда аукциондун негизинде тооруктар дайындалат.
16 Аукцион түрүндөгү тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
- 17. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.
- 18. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.
5-глава. Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор
- Тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп бере алат:
— муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими,
— муниципалдык менчиктин айрым объекттерин ижарага берүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы,
— муниципалдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.
- 20. Тооруктарды өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт.
- 21. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
- 22. Комиссиянын курамы, анын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет.
- 23. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт.
- 24. Тооруктарды даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:
— пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзөт,
— тоорукка катышууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну уюштурат,
— тооруктарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.
22.1 Комиссия:
— келип түшкөн өтүнмөлөргө ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет,
— тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндө бекитет жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет,
— муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.
23.1 Ижарага берүүчү тооруктарды өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдап, талапкерлерге берет:
— кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жөнүндө тастыктоочу маалымкатты;
— техникалык паспорттун көчүрмөсүн же объектинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалыматты;
— муниципалдык менчиктеги объекттин баалоочу же баланстык наркын;
— муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебин;
— жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;
— муниципалдык менчиктеги объекттин ижара акысынын баштапкы наркын.
24.1 Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объектисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчүн объектке укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.
- Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө кулактандыруу маалымат такталарына, шаардын/айылдык аймактын, райондун сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери,
— объекттин максаттуу багыты,
— тооруктарды өткөрүүнүн шарттары, күнү, орду,
— тооруктун баштапкы баасынын өлчөмү,
— арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү,
— тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс өткөрүлгөн учурларда),
— тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгөн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.
- Талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.
- Талапкерлерди каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу кызматкери жүргүзөт. Кызматкер каттоо фактысы жөнүндө талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет (2-тиркеме).
- Тоорукка каттоодон өткөн жана белгиленген форма (3- тиркеме) боюнча арыз берген талапкерлер катыша алышат.
- Эгерде тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук өттү деп таанылат.
- Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
- Муниципалдык менчиктеги объектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилөөгө жол берилет.
- Тоорук 2 этап менен өткөрүлөт.
- Биринчи этапта Комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт.
- Экинчи этапка өтүнмөлөрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.
- Экинчи этапта төмөнкүлөргө баа берилет:
— аукцион үчүн – сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,
— конкурс үчүн – коюлган максатка жетүү үчүн эң жакшы сунушталган шарттар боюнча.
- Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.
- Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол койот, бул протокол тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жиберилет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.
- Комиссия же анын айрым мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен макул болбогон учурда тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди жергиликтүү кеңеш өзүнүн чечими менен кабыл алат.
- Арыздарды баалоону жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
6-глава. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
- Аукционду өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.
- Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10 пайызына чейинки өлчөмүндө белгиленет.
- Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
- Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
- Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген “арымынан” кем эмес өлчөмдө жогорулатуу сунушу менен кайрылат.
- Аукциондун катышуучусу өзүнүн билетин көтөрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.
- Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
- Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (4- тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
- Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
- Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлөт.
- Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
— бир катышуучу катышса, 50-пунктта каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,
— баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.
- Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат.
- Эгер экинчи аукцион да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн аукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.
7-глава. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктин объекттерин максаттуу багытын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаатты социалдык коргоо программасынын талаптарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерине жараша аныктайт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.
- Арыз берүүчүлөрдөн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
- Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
- Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
- Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.
- Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчөсү өз-өзүнчө баалап чыгат.
- Конкурстун жеңүүчүсү ар бир өтүнмө боюнча Комиссиянын мүчөлөрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.
- Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун бардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген бааны көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.
- Конкурстун эки же андан көп катышуучулары алган упайлар тең болгон учурда эң жогорку ижара баасын сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп таанылат.
- Эгерде бул учурда кайра баалоо бир жеңүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.
- Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлөт.
- Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
- Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
— бир катышуучу катышса,
-66-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,
— эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы өтүнмө конкурс үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе.
- Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.
- Эгер экинчи конкурс да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн конкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту өткөрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.
8-глава. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз берүү
- “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги объекттерди тооруктарды өткөрбөстөн түз берүү ыкмасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
- Муниципалдык менчиктеги объекттерди тоорук өткөрбөстөн берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин чечими менен кабыл алынат.
- Муниципалдык менчиктин объекттерин ижарага түз берүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
— муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ижара жөнүндө өтүнүч менен кайра кайрылса,
— объекттин максаттуу багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында шаардын/айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жөндөмдүү башка уюмдар болбосо;
— муниципалдык менчик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга берилсе;- муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунуy «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жана Мырза-Аке айыл аймагынын 14.06.202-жылдагы макулдашууларынын алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет.
— объектиге турмуштук оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка талапкер болсо;
— муниципалдык менчиктеги объект белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлуп, ижарага берилбесе.
— ижарага берилүүчү муниципалдык менчиктеги объектинин аянты 500 кв.м ден ашпаса;
73.1. 73-пункттун 4-пунктунда көрсөтүлгөн ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү учурунда бир календардык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчөмү ижарага берүүчү тарабынан төмөндөгү жолдордун бири менен аныкталат:
-төмөнкү формула боюнча эсептөө боюнча: ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/өзүн актоо мөөнөтү (ай менен);-Ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен тѳлѳнѳт, анда ижара акысынын суммасы төмөнкү формула менен эсептелип тѳлѳнѳт: өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөөнөтү (ай менен).
Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага алууга талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына арыз беришет, мында өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери),
— муниципалдык менчиктеги объекттин жайгашкан жери жана аталышы,
— болжолдуу максаттуу багыты,
— муниципалдык мүлктү түз берүү үчүн негиздеме,
— жергиликтүү коомчулук ала турган пайда.
- 74. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндө таризделет.
- 75. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет.
- 76. Жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлөт.
9-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдө келишимдик мамилелердин өзгөчөлүктөрү
- 77. Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими ижарага берүүчү белгилеген мөөнөткө түзүлөт.
78. Түз берүү жолу менен ижарага алынган муниципалдык мүлктү ижарага алуунун наркы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык менчикти ижарага алуунун минималдуу наркы бул объект боюнча мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
- Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн ижарага берүүчү белгилейт.
- Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.
- Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат.
- Ушул Жобонун 81-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлөт, эгерде ижарачы:
1) ижара акысын, туумдарды, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөө боюнча карызы болбосо (эгерде аларды төлөө милдети ижарачыга жүктөлсө);
2) ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мөөнөт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;
3) конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарса.
- Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн жүйөлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жиберилүүгө тийиш.
- Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
- Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда;
2) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;
3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганда;
4) ижарачы – юридикалык жак жоюлганда;
5) жеке жак – ижарачы каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;
6) ижарачы ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө макул болбогондо.
- Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде:
1) ижара объектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;
2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага өткөрүп берсе;
3) ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын төлөбөсө;
4) эксплуатациялоо процессинде ижара объектинин техникалык мүнөздөмөлөрү начарласа, же зыянга учураса, аларды жоюу үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;
- Ижарачы төмөнкү учурларда ижарага берүүчүдөн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же кетирген кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу:
1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара объектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;
2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдө айтылбаса жана келишим түзүүдө ижара объектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.
- Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысын төлөө жана туумдар менен айыптарды төлөө зарылчылыгынан бошотпойт.
- Ижарачы ижара мөөнөтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.
- Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды көрсөтүү ижара келишимин түзүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
- Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттүү.
- Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө шарттар ижара келишимине киргизилүүгө тийиш.
- Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүүгө даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Келишим токтотулганда ижарачы ижара объектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.
- Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.
- Күнөөлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 36 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын Ш.Койлубаев көчөсүнүн тургуну Нурдунов Тойгонбайдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну Ш.Койлубаев көчөсүнүн тургуну Нурдунов Тойгонбайдын арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-0968 номери менен 0, 10 га өз менчигинде турган жеринен 85 м 2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 37 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын А.Көккөзов көчөсүнүн тургуну Кочкорбаев Кенжебайдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну А.Көккөзов көчөсүнүн тургуну Кочкорбаев Кенжебайдын арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-1339 номери менен 0, 10 га өз менчигинде турган жеринен 100 м 2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 38 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылындагы “Айдан плюс” МЧББУ нун директору Мамрасул кызы Кансулуунун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылындагы “Айдан плюс” МЧББУга кошумча 25 орундуу , бир наристе тайпа,бир кенже тайпа ачууга макулдук берилсин. Ата-энелер балдардын тамак ашы үчүн төлөмүн 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө жалпы ата-энелердин чогулушунун 10.01.2024-жылдын протоколунун негизинде бекитилип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 39 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылындагы “Адыр ” МЧББУ нун директору А.Эшназарованын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылындагы “Адыр” МЧББУга кошумча 25 орундуу , бир наристе тайпа,бир кенже тайпа ачууга макулдук берилсин. Ата-энелер балдардын тамак ашы үчүн төлөмүн 800 (сегиз жүз ) сом өлчөмүндө жалпы ата-энелердин чогулушунун 07.02.2024-жылдын протоколунун негизинде бекитилип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 40 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылындагы “Бабыр ” МЧББУ нун директору Х.Матаеванын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылындагы “Бабыр” МЧББУга кошумча 15 орундуу , бир наристе тайпа ачууга макулдук берилсин. Ата-энелер балдардын тамак ашы үчүн төлөмүн 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө жалпы ата-энелердин чогулушунун 15.01.2024-жылдын протоколунун негизинде бекитилип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IVсессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 41 23- июль. 2024-жыл.
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2024-жылдын 17-июль № 9 сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы Чечебай айылында 0,30 га жер аянтын муниципалдык менчикке алып, эс алуу бакчасын ачууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 42 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл аймагындагы Кандава айылыны муниципалдык менчиктеги ишкана ачууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2024-жылдын 17-июль № 9 сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы Кандава айылындагы 0,10 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана ишкана ачууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 43 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылындагы эски таштанды төгүүчү жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана багытын өзгөртүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2024-жылдын 17-июль № 9 сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айылындагы эски таштанды төгүүчү жер аянтынын багыты боюнча иши токтотулсун жана көп жылдык бак дарак эгүү үчүн айыл чарба багытына муниципалдык менчикке алынсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 44 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл аймагындагы Таш-Башат айылындагы көчкүдөн чыгарылган жарандардын үйлөрүнүн ордун 4 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2024-жылдын 18-июль № 10 сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы Таш-Башат айылындагы көчкүдөн чыгарылган жарандардын үйлөрүнүн ордун 4 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 45 23- июль. 2024-жыл.
Яссы дарыясынын жээгиндеги 165,5 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн баласына алуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Яссы дарыясынын жээгиндеги 165,5 га жер аянтын Өзгөн токой чарбасынан айыл өкмөтүнүн баласына алууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 46 23- июль. 2024-жыл.
2024-2029-жылдарга карата Мырза-Аке айыл аймагынын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2024-жылдын 18-июль № 11 сунуш катын, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-2029-жылдарга карата Мырза-Аке айыл аймагынын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жактырылсын.
- Айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга стратегиялык планында көрсөтүлгөн иш чараларды мөөнөтүн так сактоо жана айыл аймагынын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык пландын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына » жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Кыргыз Республикасы Ош облусу Өзгөн району Мырза-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү
2024-2029-жылдарга карата Мырза-Аке айыл аймагынын туруктуу ѳнүктүрүүнүн стратегиялык
планы
Мырза-Аке айылы
Мырза-Аке айылдык кеңешинин « 23» июль 2024-жылдагы № 46 сандуу токтому менен бекитилген
Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл
аймагынын 2024-2029-жылдар аралыгында
социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн
стратегиялык иш планы
Мырза-Аке айыл аймагынын башчысы Талантбек уулу Русландын кайрылуусу !
Урматтуу Мырза-Аке айыл аймагынын жашоочулары, айыл аймагыбызга кайдыгер карабаган коомчулуктун ѳкүлдѳрү, коомдук институттар!
Сиздерге жергиликтүү коомчулук, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу орган тарабынан талдалып, калкты түйшѳлткѳн маселелер аныкталып, бүгүнкү аймактын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн стратегиялык планын сунуштап жатабыз.
Аймактын стратегиялык планы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу ѳнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына шайкеш келип, ѳлкѳнү ар тараптуу ѳнүктүрүүдѳ аймактын да салымы болуусу менен мамлекеттик бийлик органдары менен ѳз ара аракеттенишүүдѳ жакындан жардам берүүнү колго алуубуз абзел. Стратегия биздин ѳнүгүү максатыбыздын жыйынтыгына жана ал жыйынтыкка кантип жетүүгѳ боло тургандыгы боюнча маалыматты камтыйт. Ошондой эле, стратегияда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын миссиясы, коомчулуктун жана аймак тургундарынын биз кѳздѳп жаткан жыйынтыктарга, максаттарга жетүүдѳгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.
Стратегиялык планды иштѳѳгѳ, мониторинг жүргүзүүгѳ жана түзүү процессине салым кылган баардык жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жарандык активистерге, интелигенциянын ѳкүлдѳрүнѳ ыраазычылык билдирүү менен мындан ары Мырза-Аке айыл аймагынын 2024-2029-жылдар аралыгындагы, аймакты социалдык-экономикалык жактан ѳнүктүрүүнүн стратегиялык планын иш жүзүнѳ ашырууга, сиздер менен биргеликте койгон максаттарыбызга жетүүгѳ чакырабыз. Стратегиялык планды түзүүдѳ жана стратегиялык маселелерди аныктоодо коомчулуктун ѳкүлдѳрү, аймакта ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан ѳкмѳттүк эмес уюмдар, айыл чарбасы, коммуналдык тейлѳѳ, жеке ишкердик менен алектенген жарандарыбыз да ѳздѳрүнүн ойлору, сунуш-пикирлери аркылуу салымдарын кошушту. Эң негизгиси, стратегиялык план аркылуу аймакка донор тартуу, донор уюмдары менен кызматташууну күчѳтүү маселеси да камтылып, ѳз күчүбүзгѳ, ѳз потенциалыбызга демилгелеш-шериктеш, жарандарды, коомдук уюмдарды, өкмөттүк эмес уюмдарды да тартууга бел байладык. Стратегия коомчулуктагы, аймактагы баардык маселелерди чечпеши мүмкүн, бирок биз, кайсы багытта иш алып баруубуз, ким аркылуу, кантип ѳнүккѳн аймакты түзүү менен кантип ийгиликке жетүүбүз камтылат. Аймакта кѳйгѳй
кѳп, анын баарын камтуу кыйын. Стратегия экономикалык ѳнүгүүнүн эң натыйжалуу жолдорун гана аныктап, калк үчүн эң зарыл болгон маселелерди чечүүгѳ жана ошол маселени чечүүдѳ коомчулуктун, донор уюмдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун үчилтигинин ролун жогорулатып, аймактын калкынын чечилбеген кѳйгѳйүн ушул стратегия аркылуу чечилерине ынануусу үчүн иш алып баруубуз керек. 2024-2029-жылдар аралыгында Мырза-Аке айыл аймагынын потенциалы мыкты, калкынын жашоо деңгээли жогору, инфраструктурасы талапка жооп берген, коопсуз, инвесстициялык климаты жана бизнес тармагы ѳнүккѳн аймакка айландырууга аракеттенели.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Мѳѳнѳттѳр | каржылоо булагы |
1 | Рентабелдүү өсүмдүктөрдүн аянтын 2754 га көбөйтүү | Иштетилбей калган айдоо жерлерге дан эгиндерин эгүү | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет, жеке тараптар |
2 | Сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу жана мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтүү | Сырттан келген инвесторлор менен тыгыз иш алып баруу, жаңы жумуш орундарын пайда кылуу | 2024-2029-жж | CASA 1000 долбоору жана айыл өкмөтү |
3 | Айылдардагы ички жолдорду оңдоо | Ички жолдорду сүрдүртүп, тегиздеп шагыл төктүрүү, асфальт басуу | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөр, республикалык бюджет жана ѳнүктүрүү фонддору |
4 | Кичи ишканаларды ачуу | Чечебай, Адыр айылдарына тигүү цехин куруу | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет, райондук өнүктүү фонду жана АРИС уюму тарабынан |
5 | Жашылдандыуу көрктөндүрүү, “Жашыл Мурас” иш аракетин жүргүзүү | Бак отургузуу үчүн ыңгайлуу жерлерди таап, айыл өкмөткө киреше алып келүүчү бак- дарактардын сортторун отургузуу. | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет жана KOICA долбоору |
6 | Калкты таза суу менен камсыз кылуу | Суу чыккан булактардын көзүн тазалап, суу кампа куруп, суу тартып келүү | 2024-2029-ж.ж | долбоорго кирбей калган жаңы кѳчѳлѳрдү тактоо жана жаңы скважиналарды түптѳѳ |
7 | Алыскы айылдардагы калкты медициналык тейлөө үчүн шарт түзүү | Алтын-Булак жана Бабыр айылына ФАП куруу | 2024-2029-ж.ж | АРИС уюму жана демөөрчүлор тарабынан |
8 | Билим берүү тармагына шарт түзүү | Б.Моңолов орто мектебинин , К.Раимбеков мектеп гимназиясынын жаңы имараттарын жана М.Нурбаев орто мектебине тамактануучу ашкана куруу, талапка ылайык мектеп, бала- бакчалардын капиталдык ремонтун жолго коюу | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджеттен |
9 | Бала-бакча куруу | Алтын-Булак айылына
бала-бакча куруу |
2024-2029-ж.ж | облусттук өнүктүрүү фонду тарабынан |
10 | Жеке секторлор тарабынан соода борборун куруу | Мырза –Аке айылынын борбордук базарына “Глобус” соода борборун куруу | 2024-2029-ж.ж | демөөрчү жеке ишкер Төлөнов Айбек |
11 | Агын суу менен камсыздоо | Моңол , Обком каналын казып тазалоо, бетондоо | 2024-2029-ж.ж | ар тараптуу өнүктүрүү фонддору |
12 | Маданият үйлөрүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү | М.Оморов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 2024-2029-ж.ж | республикалык теңдештирилген гранттан, фонддордон |
13 | Турак жай куруу үчүн жер маселесин чечүү | 84,37 га айыл чарбасына жараксыз жер аянтын трансформациялоо | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджеттен проектилерге каражат бөлүнөт |
14 | Аймактагы ички жолдорду асфалттоо | Жалпы 23 км 673 м ички жолдорду асфальтоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык, жергиликтүү бюджет |
15 | Билим берүүнү колдоо | Мектеп окуучулары арасында олимпиада жана спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө каражат бөлүү | Ар дайым | жергиликтүү бюджеттен . |
16 | Калпак массивиндеги 280 га жер аянтын этап-этабы менен сугат жерге айландыруу жана сугат суу жеткирүү | Долбоор сметаларды жасатуу, элди мобилизация кылуу | 2024-2029-ж.ж | республикалык, жергиликтүү бюджет |
17 | Аймактын борборуна заманбап спорт комплекс куруу, стадионду калыбына келтируу жана жолдорун ачуу | Долбоорлорун жасатуу, инвестиция тартуу, проекттерди жазуу | 2024-2029-ж.ж | инвесторлор, донорлор, фонддор |
18 | Озгѳн-Мырза-Аке, Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолуна тротуар куруу | Жолдорду кенейтүү, инфраструктураны жакшыртуу, жашылдандырууну жолго салуу | 2024-2029-ж.ж | ар тараптуу өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджет |
19 | М.Жээнбеков борбордук кѳчѳсүнѳ арыкка лоток орнотуу | Сел кооптуулугун кѳзѳмѳлгѳ алуу жана ар түрдүү чыгымдарды болтурбоого шарт түзүү | 2024-2029-жж | ар тараптуу өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджет |
20 | Малдарды уруктандыруу жайын ачуу жана ишке берүү | Ишкерлер менен иш алып баруу | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер |
21 | Аталар чайканасын заман талабына ылайык куруу | Ишкерлер менен иш алып баруу | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер |
22 | ДСУ участкасы тараптагы Жазы дарыясынын толук түрдө жээгине дамба куруу | Суу ашуу кооптуулугу жоюлат | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жеке ишкерлер |
23 | А.Маматов атындагы мектептин эски имаратын, бала бакчага ыңгайлаштыруу | Долбоордук иш кагаздарын даярдоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор, жеке ишкерлер |
24 | Чечебай,
Таш-Башат айылдарындагы жолдорду асфалтоо |
Иш кагаздарын даярдоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет |
25 | Аймактын борборуна балдар, жашоочулар, коноктор эс алуучу парк ачуу | Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жана курулушун баштоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор, жеке ишкерлер |
26 | Алтын-Булак айылына балдар, жашоочулар, коноктор эс алуучу парк ачуу | Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жана курулушун баштоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор, жеке ишкерлер |
27 | Аймактын борборундагы кинотеатрды калыбына келтирүү | Долбоордук иш кагаздарын даярдоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор, жеке ишкерлер |
28 | Аймактагы муниципиалдык бала бакчаларды стимгрант аркылуу капиталдык ремонтторун жасоо | Долбоордук иш кагаздарын даярдоо | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
29 | Борбордогу А.Карашев жана Курманжан Датка кѳчѳлѳрүнѳ светафор орнотуу | Жол кырсыктарын жана мектеп жашындагы балдардын коопсуздугу үчүн | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет, фонддор |
30 | Мырза-Аке айыл аймагынын генпланын жасатуу | Тактоо жана аймактын инфраструктуурасын жакшыртуу | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
31 | Мырза-Аке айыл аймагындагы баардык жерлерди (ФПС, үлүш, жайыт, токой, калктуу конуш, муниципиалдык жерлерди инвентаризация жасатуу | Тактоо жана аймактын инфраструктуурасын жакшыртуу, жарандарга сапаттуу, мыйзамдуу кызмат кѳрсѳтүүнү жолго салуу | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
32 | Коопсуздук коргонуу боюнча, сел кооптуулугу бар жерлерге дамба, битон арык, тосмолорду куруу | Аймак боюнча кооптуулугун тактоо менен | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
33 | Мырза-Аке коммуналдык, муниципиалдык ишканасын түзүү жана техникалык баазасын чыңдоо, ишмердүүлүгүн жакшыртуу | Сапаттуу кызмат кѳрсѳтүүгѳ жетишүү | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
34 | Аймактын ар тараптуу ички маселелерин тактоо жана чечүүнү инновациялык ыкмалары менен иш алып баруу | Такталбаган маселелер менен иш алып баруу жана чечүү | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
35 | Мырза-Аке айыл аймагынын калкына муниципиалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн сапатын жакшыртуу | Орг техникалар менен камсыз кылуу | 2024-2029-ж.ж | республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, фонддор |
36 | Аймагыбызга лед экрандуу жарнак-такчайчаларын орнотуу | Жаңылыктарга багыт алуу | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет
фонддор инвесторлор |
37 | Айыл аймакты толук бойдон таза суу менен камсыздоо | Жарандардын ден-соолугуна кам көрүү | 2024-ж | респ.бюджет
жергиликтүү бюджет фонддор |
38 | Эски электр мамычаларын толугу менен алмаштыруу жана түнкү жарыктандыруу ишин жакшыртуу | Сапаттуу үнөмдүү электр энергиясын колдонууга жетишүү | 2024-2029-ж.ж | респ.бюджет
жергиликтүү бюджет
|
39 | Аймактагы жаштардын, коомдук уюмдардын, активдүү жаштардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу колдоо көрсөтүү | Активдүү коомду түзүүгө аракет | 2024-2029-ж.ж | жергиликтүү бюджет
донорлор |
Урматтоо менен ,
Мырза-Аке айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы; Р.Талантбек уулу
МАЗМУНУ
- КИРИШ СӨЗ.
- МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
- КЫСКАЧА БАЯНДОО
- ЖЫЙЫНТЫККА ЖЕТКЕН УЧУР
- МИССИЯ
- АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ
- СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР
- КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР- СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА ЖЕТҮУ ДОЛБООРЛОРУ
- ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА МОНИТОРИНГ
- КОРУТУНДУ
ТИРКЕМЕ
Кириш сөз .
Мырза-Аке айыл аймагынын учурдагы абалы жана келечеги.
Айыл аймагы боюнча кыскача маалымат: 2024-жылдын 1-январына карата аймакта жашаган жарандардын саны 23465. Улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар, андан кийи өзбек,орус,татар,турк, тажик ж.б
Айыл аймагында айыл статусу бар 9 айыл жайгашкан. 7 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, республикалык бюджетке караган 1 жатак-мектеп интернат, 1 сырттан окутуу мектеби. 1 мектеп гимназия , 15 бала бакча, 2 медициналык мекеме, 2 оорукана, 1 үй бүлөлүк медициналык борбор, 4 дарыкана, 4 ФАП, 2 маданият мекеме, 4 айылдык маданият үйү, 3 китепкана, 2 клуб, 1 эс алуу жайы жайгашып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
№ | Калктуу конуштардын аталышы | Жашаган адамдардын саны |
1 | Адыр | 2092 |
2 | Бабыр | 1143 |
3 | Мырза-Аке | 16 822 |
4 | Чечебай | 495 |
5 | Кандава | 810 |
6 | Таш-Башат | 504 |
7 | Алтын-Булак | 885 |
8 | Сасык-Булак | 522 |
9 | Кара-Баткак | 196 |
№ | Негизги көрсөткүчтөр | маалымат |
1.3 | Административдик географиялык жайгашуусу | |
Райондун борборуна чейинки аралыгы км менен | 12 | |
Облустун борборуна чейинки аралыгы км | 65 | |
Жакынкы темир жол станциясына аралыгы км | 62 | |
Жакынкы аэропортко чейинки аралык км | 69 | |
Деңиз деңгээлинен бийиктиги метр | 1025 | |
1.4 | Аймагы км | 7494+ |
Калктын жалпы саны | 23465 | |
Анын ичинен эркектер | 11764 | |
Анын ичинен аялдар | 11701 | |
Анын ичинен жаш айырмасы боюнча | ||
0-15 жаш | 5395 | |
16-17 жаш | 1997 | |
16-62 жаш | 16808 | |
63 жаш жана андан улуу | 2095 |
Тармактар боюнча кыскача маалымат:
Айыл жана мал чарбасы: айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Элге үлүштүк жер катары 1099 га сугат, 3073 га кайрак,1345 га чөп орунду берилген. 368 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 141 га , көп жылдык бак — дарак эсептелет.
Плющелка -17 , трактор-24,пресс подборщик-15,комбайн-3 аймактагы жазгы айдап себүү . күзүг оруп жыйноо жумуштарына жакындан жардам берүүдө.
Негизги кирешеси мал чарбачылыгы эсептелген аймакта 2024-жылдын 1-январына карата 5990 кара мал, 24 739 кой эчки , 1012 баш жылкы эсептелген.
Коммуналдык тейлөө. Аймакта 165 км жол бар. Анын ичинен муниципалдык баланста 80 км , айыл чарба багытындагы пайдалануучу 7 км ашуун жол бар.
Таза суу менен калкты камсыздоо үчүн Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо агенттиги муниципалдык биргелешкен ишкана иш алып барат.Мырза-Аке жана Адыр айылдарын камсыз кылат. Ал эми Бабыр айылы жамаат менен чыгарылган скважина суудан пайдаланышат. Аймакта Чечебай, Кандава,Таш-Башат, Алтын-Булак ,Сасык-Булак жана Кара-Баткак айылдары жер астынан чыккан булактардан тарттырылып келген сууну пайдаланышат.
Бүгүнкү күндө долбоорго кирбеген көчөлөрдү айылдарды суу менен камсыз кылуу боюнча карта долбоор даярдалууда.
Калкты тейлөө : Калкты тейлөө пунктарынын саны жалпы 164, Анын ичинен 4 көмүр кен, 1 кирпич чыгаруучу, 3 кондитер азыктарын чыгаруучу, 25 тамактануучу жайлар, 1 ресторан, 47 магазин, 33 камок, 2 чач тарач,1 мейманкана, , 7 нан жабуучу, 2 май куйуучу станция, 1 тазалык ишкана, 1 таза суу ишкана,1 агын суу ишкана, 5 эс алуу жайы, 1 щвейный цех, 9 баня, 2 пескоблок чыгаруучу, 4 дөңгөлөк желимдөөчү, 1 бильярд, 1 бассейн, 1 бут кийи тигүүчү цех, 1 вет аптека, 4 аптека ,4 банк өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө.
Социалдык сектор. Билим берүү. Мырза-Аке айыл аймагында 7 орто мектеп, 1 республикалык бюджетке караган интернат-жатак мектеби, 1 сырттан окутуу мектеби, 1 башталгыч мектеп жайланышкан, 1 мектеп –гимназия , ал мектептерде бүгункү күндө 263 мугалим, 4610 окуучуга таалим тарбия берүүдө. 15 мектепке чейинки мекеме, анда 1029 бала тарбия алууда. Мугалимдер жана техникалык кызматкерлер Республикалык бюджеттен айлык алат. Билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун сапатын жогорулатуу үчүн баардык мектептерде жана бала бакчаларда керектүү шарттардын болуусу зарыл. Мугалимдердин эң аз эмгек акысы айына 15000 сом ал эми эң жогорку эмгек акысы айына 30 000 сом болуп жатат.
№ | Айылдардын аталышы | |
1 | Адыр | |
2 | Бабыр | |
3 | Мырза-Аке | |
4 | Чечебай | |
5 | Кандава | |
7 | Таш-Башат | |
8 | Алтын-Булак | |
9 | Сасык-Булак | |
10 | Кара-Баткак |
Саламаттыкты сактоо . Мырза-Аке айыл аймагы боюнча 2 медициналык мекеме, оорукана, 1 үй бүлөлүк медициналык борбор, 4 дарыкана иштеп жатат. ФАПтарда 8 медицина кызматкерлери, медициналык мекеме жана ооруканаларда 4 үй бүлөлүк дарыгерлер топтору, 59 медициналык кызматкерлер элге кызмат кылууда 2024-жылга Бабыр,Алтын-Булак айылдарына АРИС уюму тарабынан ФАП куру пландалууда.
Бул коюлган максаттарга жетүү үчүн кадр маселесин биринчи орунга коюп, эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып баруу керек.
Жумушсуздук : Мырза-Аке айылдык округу боюнча официалдуу жумушсуз болуп катталгандар 24.
№ | Айылдын аталышы | Кожолук саны | Калктын саны | Соц.паспорт толтурулган үй булөөлордүн саны | 500 сомго чейин кирешелүү үй бүлөлөрдүн саны | 500-800 сомго чейинки үй-бүлөөлөрдүн саны | 800дөн ашык кирешелүү үй-үлөолөрдүн саны |
1 | Мырза-Аке | 3087 | 16822 | 104 | 20 | 50 | 34 |
2 | Адыр | 414 | 2092 | 130 | 21 | 59 | 50 |
3 | Бабыр | 287 | 1143 | 60 | 10 | 30 | 20 |
4 | Чечебай | 113 | 495 | 157 | 40 | 62 | 55 |
5 | Кандава | 195 | 810 | 200 | 43 | 80 | 77 |
6 | Таш-Башат | 99 | 504 | 173 | 44 | 63 | 66 |
7 | Алтын-Булак | 179 | 885 | 205 | 50 | 85 | 70 |
8 | Сасык-Булак | 83 | 522 | 176 | 45 | 69 | 62 |
9 | Кара-Баткак | 28 | 196 | 150 | 22 | 65 | 63 |
Аз камсыз болгон жөлөк пул алуучу үй-бүлөөлөрдүн саны 488, пенсионерлер 2797, майыптар 532, анын ичинен майып балдар 288.
Жакырчылыктын деңгээли: Мырза-Аке аыл аймагында жакырчылыктын деңгээли 12,5 % ти түзөт. Эң жакыр үй – бүлөөнүн саны 488. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын 2024-жылы негизги милдети мамлекеттин , коомчулуктун жана донорлордун жардамы менен 0, 5 % га чейин жакырчылыкты кыскартуу .
№ | Айылдардын аталышы
|
Жумуш сурап кайрылгандар | Жумушсуздун саны | Кесип алууга окууга жиберилгени | Акы толөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлгөндөр | Өзүнө өзү иш менен камсыз кылгандар. | ||
баары | Жумуш менен камсыз болбогону | Жумуш менен камсыз болгону | ||||||
1 | Мырза-Аке | 156 | 2 | 2 | 40 | 2 | 57 | 57 |
2 | Адыр | |||||||
3 | Бабыр | |||||||
4 | Чечебай | |||||||
5 | Кандава | |||||||
6 | Таш-Башат | |||||||
7 | Алтын-Булак | |||||||
8 | Сасык-Булак | |||||||
9 | Кара-Баткак |
Инфраструктура :аймакта жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул жетишсиз. Пландуу жана архитектуралык курулуш нормаларын , аймактын генералдык системасы, ички жолдорду иретке келтирүү, пайдалануу мөөнөтү өтүп, авариялык абалга кептелген социалдык объектилерди оңдоп түзөө, капитадык курулуштарды куруу сыяктуу маселелер арбын.
Электр энергиясы менен камсыздоо: аймакты жалпысы 3845 -абонент бар, анын ичинен коммерциялык абонент 326 эсептелет. 68 трансформатордук подстанция жайгашкан. Учурда ээсиз же кароосуз калган трансформатордук подстанциялардын саны (ТП) — 1
Өзгөчө кырдаалдар:аймакта кооптуу участок катары эсептелген негизги 5 участок катталган. Учурда кооптуу участкаларда катталган 35 үй-бүлөө бар. Бир топ жылдардан бери сел коркунучунан сел өтүүчү курулмаларды куруу плндаштырылганы менен аткарылууга каражат табылбай келет, бирок республикалык , донор уюмдарына проектилер даярдалууда.
Жалпы маалымат
Мырза-Аке айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү стратегиялык планы негизги стратегиялык документ болуп эсептелет. Өнүгүүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык планын түзүү , анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт. Процессти алып баруу үчүн бир нече органдар түзүлгөн, алар: уюштуруу комитети- анын ролу башкаруу, стратегиялык пландаштыруу комитети – ал айыл өкмөтүн өкүлдөрүнөн жана атуулдардан турат, секретариат- процесске уюштуруучулук жана камсыздоо жагынан колдоо көрсөтөт.
Түрдүү маалымат –анализдер:
1. Жалпы маалымат 2. Муниципалдык менчик 3. Жергиликтүү бюджет 4. Тышкы чөйрө 5. Бизнес сурак 6. Атуулдар сурагы 7. Баалоо отчетунун жыйынтыктары |
Анализдердин SWOT түрүндөгү эң негизги жыйынтыктары |
Критикалык маселелер, SWOT анализге таянып аныкталган жана техникалык аймактарга бөлүнгөн |
Стратегиялык маселелер, критикалык маселелердин арасынан тандалган |
Стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталган иш-чаралар (долбоорлор) |
Анализдердин SWOT түрүндөгү эң негизги жыйынтыктары |
Критикалык маселелер, SWOT анализге таянып аныкталган жана техникалык аймактарга бөлүнгөн |
Стратегиялык маселелер, критикалык маселелердин арасынан тандалган |
Аныкталган стратегиялык маселелер айылдык округдун социалдык-экономикалык абалынын жана тышкы чөйрөнүн анализинин жыйынтыгы. Маалымат жети ар түрдүү отчеттордон алынды . Бул учурда эң маанилүү маалыматтар гана отчетторго кирди, андан кийин отчеттордогу эң маанилүү тезистер SWOT таблицасына кирди.
SWOT таблицасындагы маселелердин арасынан чектелген критикалык маселелер тандалды жана структурасы боюнча бөлүндү.
Критикалык маселелерден беш стратегиялык багыт боюнча аныкталды:
- Айыл чарба, анын ичинде : жаңы технологиялар, рынок, инфраструктура.
- Кичи жана орто бизнес, анын ичинде : каржы ресурстарына мумкүндүк алуу, бизнести колдоо инфраструктурасы, өнүгүүгө жер жана башка.
- Техникалык инфраструктура, анын ичинде: ичүүчү суу жана сугат суу, жолдор жана башкалар.
- Социалдык сфера, анын ичинде: жакырчылыкты жоюу.
- Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин башкаруу системасын жакшыртуу боюнча бир нече маселелер аныкталды.
Жогорудагы критикалык маселелерди талдоонун эсебинен стратегиялык маселелер келип чыкты. Алар Мырза-Аке айыл аймагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн оптималдуу жана эффективдүү жолдорун берет. Эң негизги стратегиялык маселелер төмөнкүлөр болду:
- Айыл чарба өндүрүмдүүлүк
- Кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү
- Социалдык инфратсруктура, коммуналдык тейлөө
- Жакырчылыкты кыскартуу
- Коопсуз аймак
- Башкаруунун эффективдүүлүгүнө жетүү
Андан тышкары, жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын башкаруу системасын жакшыртуу үчүн бир нече иш чаралар аныкталды.
Стратегиялык маселелер тандалаган иш-чаралар менен чечилет.Төмөндө стратегиянын негизги элементтеринин структурасы көрсөтүлгөн.
Стратегиянын структурасы
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР | ИШ АРАКЕТТЕР |
1. АЙЫЛ ЧАРБА
Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек.? |
Жаңы технологиялар борбору, сервистер, кооперативдер.
(айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу, сервистерди түзүү менен жаңы агротехнологияларды аймакка тартуу) |
Бак , көмөкчү чарба ж.б
( өндүрүүчүлөр тобу түзүлүп, мөмө жемиш даярдоого , эт багытындагы малдарды багып өстүрүүгө багытталып, рынокко чыгарууга шарт жаралат.) |
|
2. КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК
Кичи жана орто ишканаларды кантип өнүктүрүү керек.? |
Инвестициялык сунуш
(тышкы инвесторлорду , донор уюмдарын тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу жана инвестициялык климатты жакшырту үчүн аймактык инвестициялык кеңешти түзүү).
|
3. СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА , КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ
Канткенде заманбап мектеп, бала бакчага, ФАПка ж.б объектиге жетишебиз.?
Көчөсү таза , ичүүчү таза суу ичкен, жолу ыңгайлуу аймакка кантип айлансак болот? |
Капиталдык курулуш.
(социалдык объектилердин абаланы аныктоо менен өз тургундарыбыздын келечегине тиешелүү шарттарды жаратууга көмөктөшүү).
Мобилизациялоо. (аймакта орун алган көйгөйлөрдү калктын катышуусу , демилгелүү топтордун, меценанттардын жардамы менен жалпы мобилизациялоо аркылуу чечүүгө жетишүү). |
4. ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Жакырчылыкты кантип кыскартуу керек? |
Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(жакырларга киреше табуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу). |
5. КООПСУЗ АЙМАК
Аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуга шарттарды жаратуу.
|
“Түнкү жарык” долбоору.
(көчөлөрдү түнкү жарык менен камсыздоо аркылуу жаштар арасында кылмыштуулукту кыскартуу, жол кырсыгын алдын алуу жана жолдо жүрүүгө ыңгайлуу шарт жаратуу.) |
6. БАШКАРУУ
Муниципалитеттин администрациясында башкаруу системасын |
“Чарба китеп” компьютердик системасы.
(административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)
|
Маалымат системасы
(Атуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы) |
|
Окутуу , тажрыйба алмашуу (муниципалдык кызматкерлерди окуу курстарына, тажрыйба алмашууга жөнөтүү менен белгиленген тартипте аттестациялык курстарды өткөрүп туруу). |
Жыйынтыкка жеткен учур (Жыйынтык).
Мырза-Аке айыл аймагы – райондун аймагында өзгөчө орду бар, социалдык –экономикалык жактан туруктуу өнүгө баштаган, адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден-соолуктуу , активдүү, колунда бар- атуулдардын аймагы.
Мырза-Аке айыл аймагы – кесипкөй адистерге бай , жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн, социалдык инфраструктурасы этап этабы менен чечиле баштаган, коммуналдык тейлөөсү жакшы жолго коюла баштаган. |
Жыйынтык – бул муниципалитет жасаган аракетине, кылган мамилесине жана планды ишке ашыруудагы кадамдарына карата өзүн 5-10 жылдан кийинки мезгилде же келечекте коомчулук менен биргеликте көрө турган атмосфера.
Атмосфера дегенибиз, аймактын өз убагында стратегиялык планы кандай түзүлсө, канчаалык деңгээлде иш аракеттер планы аткарылса, ошого жараша аймакта кандай абал боло тургандыгы көзгө көрүнөт. Албетте бул абалдын өзгөрүүсүндө мындан да башка факторлор жаралышы мүмкүн же реестрлар пайда болушу мүмкүн. Бирок, баары стратегиялык пландын айланасында боло турганды жана жыйынтык да пландын негизинде болоолу бышык. Жакшы жыйынтыкка жетүү муниципалитеттин жалпы максаты болуп саналат. Максат сөзсүз түрдө мониторингден өтүп туруусу жана коомчулук тарабынан бааланып туруусу керек. Андан сырткары жогорку бийлик органы тарабынан дагы бааланып, жергиликтүу кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлеринен өтүп туруусу зарыл. Жыйынтыкты ченөө кыйын , ошондуктан жыйынтыктын ар бир элементинин мааниси берилген. Көрсөткүчтөргө таянып келечекте стратегияны баалоо мүмкүн болот. Жыйынтыкты мониторлоо жана баа берүү бул жалпы Мырза-Аке айыл аймагынын социалдык –экономикалык абалына мониторлоо жана баа берүү болуп саналат.
Төмөндө Жыйынтыктын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
- Адам укугун сактаган атуулдардын мекени.
Муниципалитетте көп социалдык инфраструктура объектилери бар, мындан ары да алардын техниклык абалы канаттандыраарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Муниципалитеттин күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал професионалдар ар кандай колдоолорду алып, мектептерде , бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канаттандыраарлык. Натыйжада коомчулук билимдүү, дон-соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандайтармактарда эмгектенишет,ишкердүүлүктөн баштап, маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Муниципалитет келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын ата –мекени.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызы, социалдык инфраструктура объектилеринин саны , маданий иш-аракеттердин саны , адамдардын ден-соолук абалы, атуулдардын ар кандай алып барган иштеринин саны, жакырчылыктын деңгээли.
- Атуулдардын укугу сакталат.
Муниципалитет атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса , ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу тең бузулса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Укугу бузулган адамдардын саны, мүмкүн болсо (эгерде ресурстар жетиштүү болсо) элдердин жалпы оюн билүү (фокус группаларды уюштуруу).
- Жагымдуу жашоо чөйрөсү камсыздалган.
Муниципалитет жашаганга жагымдуу чөйрө түзөт. Ар бир атуулдун киреше тапканга бирдей мүмкүнчүлгү бар жана аларды натыйжалуу пайдаланганга умтулушат. Атуулдардын өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдуктар жок, муниципалитет атуулдардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Жергиликтүү милиция атуулдарга коопсуздукту камсыз кылат. Атуулдар ар кандай административдик жана коммуналдык кызматтарын ала алат. Коомчулуктун жалпы ою боюнча Мыза-Аке айыл аймагы жашаганга ыңгайлуу жер болуп саналат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:\
Элдин ою (изилдөө өткөрүү, фокус группаларды уюштуруу, миграция деңгээли).
- Бакубат аймак.
Муниципалитет бакубат аймак, айыл чарбачылык, жеке ишкердүүлүк, спорт жана маданият өнүккөн, чоң инвестициялар тартылып турат. Муниципалитет жаңы инновацияларга ачык жана жеткен жетишкендиктер менен токтоп калбай ар дайым жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн аракет кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Дыйкан чарбалардын жана фермалардын саны , инновациялардын саны , фокус группалар аркылуу топтолгон аймак боюнча жалпы ой.
- Жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн.
Жаңы технологияларды колдонуу менен муниципалиетте айыл чарба жана кайра иштетүүчү тармак өнүккөн. Жаңы сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрү жана асыл тукумдуу жаңы породадагы мал коомчулукка таратылат. Кайра иштетүүчү кичи ишканалар (тегирмен, кийим тигүү, пахта, мөмө-жемиш иштетүүчү жана май чыгаруучу цехтер) өз продукцияларын башка региондорго жана башка мамлекеттерге экспортко жиберет , натыйжада элге киреше түшөт.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Жаңы технологияны айыл чарбада, кайра иштетүүдө колдонгон учурлардын саны.
- Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал болсо өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдүү кызмат көсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш берүү кызматтары саналат.
Потенциалдуу көрсөткүч:
Жеке ишкерлердин шарттар боюнча ой пикири.
- Сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн.
Мырза-Аке муниципалитетинде тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлүүчү башка кызматар да бар: ветеренардык кызмат, кеңеш берүү кызматтары жана агробиохимтехсервис кызматтары. Коммуналдык жана бизнести колдоо кызматтарынан тышкары да күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар: чачтарач, автоунаа оңдоочу жай, маалымат борбору ж.б. сапаттуу кызматтар дыйкандарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Кызматтардын саны жана түрү , элдин ою ( фокус группалар аркылуу).
- Социалдык инфраструктурасы мыкты.
Мырза-Аке айыл аймагында мектеп, бала бакча, ФАП саны жана тейлеген аймагы боюнча чоң.аймактагы мектептердин дээрлик көпчүлүгү типтүү . Бала бакчаларда шарттар жаралган. Мектеп, бала бакчаларда заманбап технологиядагы эмеректер, техникалык жабдуулар менен камсыздалган (айрымдарына видео байкоолор орнотула баштады). Аймактагы социалдык объектилерди куруу же объектилерге ыңгайлуу шарттарды камсыздоодо калктын да салымы зор экенин белгилөөгө болот. Калкты мобилизациялоо мыкты социалдык инфраструктураны түзүүгө жол ачат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Калктын социалдык объектилерди колдоо дарамети жогору , анда түзүлгөн шартты дайыма көзөмөлгө алып тургандыгы.
- 4. МИССИЯ
Мырза-Аке айыл аймагынын Миссиясы төмөндөгүдөй:
Мырза-Аке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалитеттин жыйынтыкка жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп беришет. Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат, ички жана тышкы ресуртарды эффективдүү пайдалануу менен, жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Мырза-Аке айыл аймагында калкты мобилизациялоо аркылуу Аймакта орун алган көйгөйлөрдү өз убагында баалоо, мониторинг аркылуу чечилүүсүнө шарт жаратат. Мырза-Аке өз алдынча башкаруу органы укуктун корголушуна, демократиянын калыптанышына жана жергиликтүү социалдык-экономикалык абалдын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылат. Мырза-Аке айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (тургундар, коомдук институттар ж.б) жана айыл аймакка кайдыгер карабаган адамдардын тобу же уюмдар гана аймактын потенциалын көтөрүп, муниципалитеттин калкка ачык айкын кызмат кылуусуна жол ачат. |
Миссиянын мааниси –бул жергиликтүу өз алдынча башкару органдардын элеске жетүүгө багытталган ролу. Башкача айткада, миссия жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары элеске жетүүдө тийиштүү шаттарды түзүү үчүн кандай иш-аракеттерди алып барыш керек деген суроого жооп берет. Миссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын философиясы деп аталса болот.
Миссия элес сыяктуу мониторлонуп жна ага баа берилип турушу керек . Бул учурда да миссиянын ар бир элементинин мааниси берилген. Ушуга таяныпкелечекте башкаруу органдары өздөрүнүн койгон ролуна жана максаттарына жеткендиги же жетпегендигине баа берүү мүмкүн болот.
Төмөндө Миссиянын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
- Муниципалитет Жыйынттыкка жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү.
Муниципалитет стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды оптималдуу колдонот жана ишке ашыруу процессин көзөмөлдөйт. Кеңеш жана айыл өкмөт жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө алардын максаттарына жетүүсүнө колдоо көрсөтөт. Бирок , жергиликтүү бийликбаардык иштерди өзү аткарганга умтулбайт, ал мекемелер жана атуулдар кылган иштерди башкарып турат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Стратегиялык планды аткаруу үчүн аныкталган ресурстар, фокус группалар аркылуу жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кандай колдоо иш аракеттер жасалып жатканын билүү, ишкерлерге жардамдын түрлөрү.
- Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат.
Жергиликтүү кеңеш коомчулук тарабынан шайланып билимдүү лидерлерден турат. Айылдык кеңештин депутаттары өздөрүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Регулярдуу түрдө өздөрүнүн кылган иштерин шайлоочуларга коммуникация каражаттар жана коомдук угуулар аркылуу билдирип турушат. Айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери абдан профессионалдуу жана жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Алар дайым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка институттар же донордук мекемелер аркылуу уюштурулган окуу курстарына катышат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр
Кеңеш кылган иштердин көлөмү, алардын арасына калк менен маек куруу иштери да кирет, аппараттын кызматкерлеринин профессионалдук деңгээли аттестация аркылуу текшерилет, уюштурулган окуу курстардын саны .
- Ички жана тышкы ресурстарын эфективдүү пайдалануу.
Бюджет ресурстары приоритеттерге жараша колдонулат. Каржы ресуртар максаттуу колдонулат, мыйзам чегинде белгиленген салыктар жана жыйындар натыйжалуу чогултулат. Менчик , анын ичинде жер ресурстары эффективдүү башкарылат, ачык конкурстун негшизинде сатылып, же ижарага берилипкөбүрөөк киреше алып келет. Потенциалдуу тышыкы ресурстар эффективдүү колдонулат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген субсидиялар, ар кандай донорлордон келген каражаттар).
Потенциалдуу көрсөткүчтөр
Салыкты чогултуу деңгээли, тышкы ресурстардын, долбоордун саны, жерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин көлөмү.
- Жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү
Кызматтардын сапаты жакшы жана эффективдүү уюштурулган. Мүмкүн болушунча кызматтар атаандаштыктын негизинде көрсөтүлөт. Сапат дайыма көзөмөлдөнүп турат, мисал үчүн ишеним кутучасы, ага атуулдар өздөрүнүн каалоолорун же нааразычылыктарын калтырышат. Нааразычылыктар жергиликтүү бийлик тарабынан каралып, тез арада чечилет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Нааразычылыктардын саны жана аларды чечүү боюнча иш аракеттердин саны , фокус группалар аркылуу элдин жалпы оюн билүү.
- Укуктун корголушуна өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Айылдык кеңеш коомчулуктун баардык мүчөлөрү, жөнөкөй адам же бийликтеги адам болсун, мыйзамдын алдында бирдей жооп берүүгө шарттарды түзөт. Мыйзам бузгандар жазаланып, алар жөнүндө коомчулукка маалымат берилет. Ар бир атуул мыйзамды бузуу туура эмес экенин билет, салыкты төлөөдөн качуу да мыйзамды бузууга татыйт. Ар бир атуул кайсы салыкты жана жыйынды, кызматты колдонуу үчүн акча төлөшщү керек экендигин билет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Сот иштеринин саны, мыйзамдарды ишке ашыруу жолдору, салыктардын көлөмү.
- Демократиянын калыптанышына өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу
Муниципалитет жергиликтүү калктын демократияны өнүктүрүү иштерин колдойт. Баардык процедуралар (жергиликтүү бюджет, жергиликтүу салыктарды чогултуу, товарларды жана кызматтарды сатып алуу) ачык. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо ачык жана мыйзамдуу өтөт. Маалымат элге түздөн-түз жана жергиликтүү массалык каражаттар аркылуу билдирип турат.
Потенциалдыуу көрсөткүчтөр:
Ишке ашырылган ачык процедуралар (коомдук угуулар), шайлоо учурунда кылынган мыйзамсыз иштер.
- Жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Муниципалитет жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарттарды түзөт, бул жерди ачык аукцион түрдө ижарага берүү же сатуу, салыктардын туура чогулушу менен шартталат. Жергиликтүү жеке ишкерлердин жакшы иштеши жумушсуздук деңгээлин төмөн кармап турат. Жергиликтүү фирмалар киреше гана таппастан, коомчулукка да социалдык жардам кылышат. Жергиликтүү ишкерлер сапаттуу каржы кызматтарын алат, мисалы кредит алуу , банк счет ачуу , депозиттер , акча жиберүү ж.б
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Бизнести колдой турган инфратсруктуранын саны жана түрлөрү, ишкерлерге берилген кызматтардын саны жана түрү, салыктардын чогултулушу ачык жана мыйзамдуу , элдин экономиканын өсүшү боюнча жалпы ою, нааразычылыктардын саны.
- АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ.
-Ситуация боюнча негизги маалыматтар жана бир нече салымдар SWOT анализ түрүндө кылынган. SWOT анализге кирген маалымат;
- Муниципалитеттин ар кандай тармактарын мүнөздөгөн жалпы маалымат.
- Жергилимктүү бюджет боюнча анализ , анын ичинде кирешелер жана чыгашалар;
- Муниципалдык менчиктин анализи:
- Тышкы чөйрөнүн анализи:
- Жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн шарттары тууралуу бизнес-сурак;
- Коомчулуктун негизги приоритеттерин билүү боюнча атуул-сурак;
- Мурунку иштеп чыгарылган стратегияга болгон баа берүү отчету.
SWOT анализге кирген маалыматтын кыскача мазму | |
Күчтүү жактар :
— Экономикалык активдүу адамдар (ишкердик айыл чарбасы, мал чарбасы менен алектенген ж.б) калктын 35-40% түзөт. — Муниципалитеттин калкы көп улуттуу , мындай шарт улуттар арасындагы жакшы маанидеги атаандаштыкты жана кызматаштыкты пайда кылат . — Муниципалитет 9 айылдан турат , анын 3 айыл эл аралык маанидеги жолго жакын жайгашкан. — Айыл өкмөттө тажрыйбалуу адистер көп, аппарат абдан ынтымактуу. — Муниципалитет кыйла жер ресурстарга ээ, өнүгүүгө да жер бөлүнгөн.Өнүгүү жерлеринин ген планы бекиген. — Айрым таза ичимдик суунун сапаты жакшы , Рай СЭС тен текшерүүдөн өткөн жана пайдаланууга уруксат бериген . — Билим берүү тармагындагы мекемелердин жылытуу системасы канаттандыраарлык абалда жана дурус жабылган. — Жүргүнчү ташуу тармагы жеке менчиктин колунда,тейлөө кызматынын сапаты жакшы .Жергиликтүү каттамдарга автоунаа оңой табылат жана жетишүү. — Мугалимдердин айлык акысы категориялык гранттын эсебинен убагында берилип турат. — Медициналык кызмат көрсөтүу жакшы абалда. — Социалдык камсыздоо жакшы уюшулган. — Жолдордун 85% канаттандыраарлык. — Жалпысынан элге кызмат кылган социалдык инфраструктура жок эмес. — 2024-жылга карата баардыгы 49 жумушчу орун түзүлгөн, басымдуу бөлүгү ( 49 жумушчу орун) жеке ишкерлердин эмгеги менен пайда болгон. — Айылда 20 дан ашуун жамааттык уюмдар жана ар бир көчөлөрдө жардамдашуу топтору түзүнлгөн . булрдын жардамы менен көп коомдук иштер аткарылып келет.
|
Алсыз жактар:
— Тейлөө инфраструктурасы жетишсиз. — Коммуникация жана ички жолдордун абалы начар — Бизнести колдоо инфраструктурасы начар. — Профессионалдуу адистер аз. — Жергиликтүү бюджет дефициттүү жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүк жок. — Өздүк кирешелердин көлөмү бюджеттин жалпы кирешелеринин жарымын гана түзөт. — Айыл аймак көптөгөн чоң каражаттарды талап кылат, чечүүгө мүмкүнчүлгү жок, мисалы : таза суу, жол ж.б. — Муниципалитеттин жалпы ген планы бекитген эмес. — Айыл чарба жерлери арыктап жатат. — Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 50% ар кандай социалдык жардамга муктаж. — 206 дан ашуун жаранга социалдык жардам көрсөтүлүп турушу керек. — Жумушсуздардын көпчүлүгү расмий түрдө каттоодо турбайт. — Аппараттын кызматкерлери кыска жана узак мөөнөттүү курстарга катышып, квалификациясын жогорулатууга тийиш. — Ички иш процесстер илгеркидей эле кагаз түрүндө алып барылат жана автоматташтырылган эмес. — Айрым аппарат кызматкерлери компьютерде иштегенди жакшы билбейт. — Муниципалитет табигый ресурстарга бай эмес, ичимдик таза суу тартыш. Айыл аймактын борбордук көчөлөрүндө суу жок . — Сууну пайдалангандыгы үчүн суу акысы убагында төлөбөгөндүгү үчүн, суунун басымдуулугунун аздыгынан кээ бир айылдарда таза суу чыкпай калууда. — Сугат суу сарамжалдуу пайдаланылбайт. — Сугат каналдар реконструкциялоого муктаж. — Электр энергия тармагында трансформаторлор жетишсиз, зымкарагайлардын эскилиги жеткен, 60-70 жылдан бери эксплутацияланып келе жатат. — Маданият мекемелеринде улуттук аспаптар , ал эми спорт жайларында тренерлер, спорт инвентарлары жетишсиз. |
Мүмкүнчүлүктөр
— “Кара- Кулжа – Өзгөн” жолунда жайгашуу — Өндүрүлгөн продукцияны Өзгөн , Ош шаарларына сатуу мүмкүнчүлүгү. — Жаңы технологияларды колдонуу. — Эки деңгээлдүү бюджет системасынын киргизилиши. — Республикалык бюджеттен стимулдаштыруучу гранттар каралган. — Чет өлкөдөгү мекендештер жиберген акча каражатар. — Айылдык кеңеш кызматынын консультациялары. — Чет өлкөлүк донорлор. — Айылдардын Ассоциациясы. — Сугат суу долбоорун кеңейтүүайыл чарбасына жараксыз жерлерди өздөштүрүү — Мал чарбачылыгы үчүнкөмөкчү чарбаларды уюштуруу — Балык чарбасын уюштуруу — Үрөөнчүлүк чарбасын уюштуруу — Меценанттар.
|
Коркунучтар
— Райондук мекемелер өнүгүүгө тоскоолдук кылат. — Өндүрүлгөн продукцияны сатууда ортомчулар бар. — Эки деңгээлдүү бюджет системасы бир-эки жылдан кийин кайра мурунку калыбына келип калышы ыктымал. — Жайыт жерлердин эффективдүү пайдаланбагандыгы, айдоо жерлерге мал багууну адатка айландыруу — Миграция- жумушчу күч башка мамлекеттерге кетип жатат. — Аймакта оорулуулардын көбөйүшү, оорунун ар кандай илдетине чалдыккан жарандардын көбөйүп жатышы. — Аймактагы аракечтик , кылмыштуулуктун күч алышы, жарандар ортосундагы талаш-тартыш маселелердин көбөйүшү.ж.б. — Диний кырдаал ж.б. |
Белги: SWOT анализине эң негизги маалыматтар гана кирди, бул маселлеердин эң негизгилерин тандап алуунун биринчи кадамы болуп саналат.
- СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР
Стратегияны түзүү абдан маанилүү. Ал үчүн ресурстар да жетишүү болуусу кажет. Стратегиянын ишке ашырылуусу эки түрдүү ресурстарга таянышы мүмкүн, алар жергиликтүү жана тышкы ресурстар. Ресурстан келе турган чөйрө ар дайым өзгөрүп турат, ошондуктан ар бир долбоорго кайсы ресурс колдонулаарын так айтуу кыйын. Жергиликтүү бюджеттен кээ бир учурда гана каражаттар жумшалышы мүмкүн. Бирок, стратегияны айылдык кеңеш бекиткенден кийин бул сөзсүз түрдө айылдык кеңештин колдоосуна ээ болуу менен мүмкүнчүлуккө карап, бюджеттин көлөмүнө карап каржыланат. Ошондуктан стратегиянын аткарылуусуна дайыма потенциалдуу ресурстарды анализдеп туруу керек, ал жергиликтүү жана тышкы ресурсту көбөйткөнгө туура маалымат берет жана жыйынтыгы жакшы жакка бурулат.
Жергиликтүү ресурстар
Стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ар кандай ресурстар колдонулушу мүмкүн.
- Каржы ресуртар;
- Кыймылсыз мүлк; (муниципалдык менчик ж.б)
- Адам ресурстары.
- Каржы ресурстары
Каржы ресуртары негизинен жергиликтүү бюджеттен турат. Кээ бир потенциалдуу каржы ресурстары жергиликтүү уюмдардын, ишкерлердин жана атуулдардын бюджетинде болушу мүмкүн. Ар кандай ресурстарды мобилизациялоо долбоордун түрүнө жана мотивацияга жараша болот.
- Жергиликтүү бюджет
Мырза-Аке айыл аймагында 2024-жылда жергиликтүү бюджеттин көлөмү 67730, 9 млн сомго жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу салыктын танспорт, жер салыгы, сатуудан түшкөн салык, ыктыярдуу патент сыяктуу салыктын түрлөрүнөн көп чогултулду. АТРдин алкагында Алтын-Булак айыл аймагы дотациялуу аймактардын катарына киргендигине байланыштуу мамлекеттен, тактап айтканда республикалык бюджеттен 9103, 0 млн сомдун тегерегинде теңдештирүү гарнтын алып келген жана бул акча каражаты бүгүнкү күнү бириктирилген Мырза-Аке айыл аймагына түшүүдѳ
- Жергиликтүү уюмдардын бюджети
- Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлердин ресуртарын аныктаганга шарт жок , ага мүмкүнчүлүк да беришпейт. Бирок кээ бир коммуналдык кызматтарды (кооммуналдык инфраструктура ) жакшыртуу , же башка демилгелерди колдоо үчүн салымдарын кошуп келет. Демек , бул да каржы ресурсу катары кошсок болот.
- Коомчулук
Атуулдардын ресурстары ар кимисиники ар кандай. Ар кандай демилгелерди ишке ашурууда , же марафон өткөрүүдө кимдин канчалык ресурсу бар экендиги коомчулукка билинет. Стратегиялык пландагы иш аракеттерди жасоодо коомчулуктан каржылык потенциалын пайдаланууга негиз бар.
- Кыймылсыз мүлк ресурстары
Муниципалитеттин өнүгүүсүнө жерлер бар. Кээ бир жерлер колдонгонго даяр турат сатканга же ижарага бериш оңой. Жерди инвесторлорго берсе болот, алар ал жерди өнүктүргөндөн кийин салык аркылуу акча каражаттарын берип турат.
- Адамдык ресуртар
Адамдык ресурстар жакшы деңгээлде . муниципалитетте иштеген кызматкерлер жөндөмдүу жана ар кандай маселелерди чечкенге убакыт бөлүшөт. Мындан тышкары жергиликтүу өкмөттүк эмес уюмдар жана тургундар өздөрүнүн бош убактысын жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшаганга даяр.
Жергиликтүү ресурстарды көбөйткөнгө потенциалдуу жолдор.
- Каржы каражаттары
- Жергиликтүү бюджет
Салыктын сатуудан түшкөн , милдеттүү жана ыктыярдуу патенттен , айыл чарбасына жараксыз жерлерди өздөштүрүүгө же убактылуу пайдаланууга берүүдөн акча каражаттарын түшүрсө жана буга шарт жаратса болот.
Мүлк салыгы, анын ичинен эң негизги иш чара -бул КБФ жерлерин колдонгон жана ага акысын төлобөгөндөр менен түзүлгөн келишимдердин тиешелүү пунктарынын негизинде чара көрүү керек. Жер сатуу жана ижарага берүү процедуралары өнүксө ал иштерден да көбүрөөк киреше түшмөк.
- Жергиликтүү уюмдар
Жериликтүү уюмдар өздөрүнүн миссиясы менен шайкеш болгон долбоорлорго салымын кошо алат.
- Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлер бизнес кыла турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорлорго катышыш үчүн аларга долбоорлорду түшүндүрүп жана кубатташ керек.
- Коомчулук
Жергиликтүу коомчулукка техникалык инфраструктураны жакшыртуунун деталдуу планы сунушталышы керек. Сунушталган маалыматка таянып коомчулукту өз салымын кошконго чакыруу керек.
- Муниципалдык менчик
Жер боюнча муниципалитет баардык расмий кагаздарын бүтүрүшү керек. Натыйжада ишкерлерге ижарага же сатууга бериле турган жердин саны көбөйөт. Муниципалитеттин генпланы болушу керек жана өнүгүүгө бериле турган жерде тийиштүү инфраструктура курулушу зарыл.
- Адам ресурстары
Муниципалитетт элди мобилизациялоо иштерин уланта бериши керек, ал жок дегенде маалымат менен элди камсыздандырып турууну билдирет. Бул өзгөчө башка өлкөлөргө миграциялап кеткендер менен байланышта турууга маанилүү. Өзгөчө муниципалитте окууга кеткен жаштарга көңүл бурулуп , аларды мобилизациялоо керек.
Тышкы ресурстар
Азыркы учурда белгилүү бир нече тышкы ресурс бар. Бтирок башка аныкталбаган ресурстрады да аныкта керек;
Мисалы 4 аймакта бүгүнкү күндө Сайв зе Чилдрен эл аралык уюму мектепке чейиинки билим берүу менен иш алып барып жатса, Борбордук Азиядагы суу Альянсы таза суу тартуу менен Укуктук мейкиндик фонду айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо менен , Эхсан Хайрия фонду кайрымдуулук иштери менен , ДИА коомдук фонду гедердик теңчилик боюнча иш алып барышууда.
Тышкы ресурстарды колдонуу боюнча потенциалдуу жолдор.
Жалпы тапшырма бул мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу. Муниципалитет эң биринчиден өз ресурстарын стратегиялык жол менен колдонушу керек жана аны долбоорлорду ишке ашырууда пайдаланышы керек. Андан тышкары башкаруу систамсын жакшыртуу зарыл.мисал үчүн ар кандай акыларды чогултуу системасын жакшыртуу зарыл.
Андан кийин муниципалитет жакшы долбоордорду даярдоосу керек , алардын техникалык негиздемесин туура түзүп жана профессионалдуулук менн донорлорго сунуштоо керек.
Мындан тышкары муниципалитет потенциалдуу донорлордун арасында стратегиялык планды презентация кылып таратышы керек.
- КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР
SWOTко таянып критикалык маселелер аныкталды. Алар SWOTтун баардык элементтери менен байланышкан. Критикалык маселелер муниципалитеттин күчтүү жактарын күчөтөт же алсыз жактарын азайтат. Экинчи жагынан критикалык маселелер тышыкы чөйрөдон келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонот же болбосо тышкы чөйрөдөн келген коркунучтарды азайтат.
Критикалык маселелер төмөнкү жетектемеге таянып аныкталган.
Төмөнкүнүн натыйжасында критикалык маселелер аныкталды, алар суроо түрүндө болду. Маанилүү эмес ойлорду четке каккандан кийин критикалык маселелердин структурасы төмөнкүдөй болду.
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
ЖАҢЫ
ТЕХНОЛОГИЯЛАР |
— Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнүн кантин жогорулатса болот?
— Жерлерди которуштуруп айдоону кандай жолдор менен жүргүзүүгө болот? — Айыл чарба жерлдерин кантип жакшыртуу керек? — Айыл чарбасына жаңы технолоияларды кандай жолдор менен тартса болот? — Жаңы технологияларды кантип колдонуу керек? — Кытайдын пахта эгүү технологиясын жайылтуу үчүн каражаттарды кантип табабыз? — Айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек? — Жаңы эт, сүт багытындагы породаларды кайсы жол менен көбөйтө алабыз?
|
РЫНОК | — Өндүрүлгөн продукцияларды ортомчусуз кантип сатуу мүмкүн?
— Мөмө жемиштер сактоочу жайды кантип куруу керек? — Өндүрүлгөн продукцияны канткенде кымбат баада сата алабыз?
|
АЙЫЛ ЧАРБА ИНФРАСТРУКТУРА СЫ | — Техсервисти кантип жандандырса болот?
— Айыл чарба техникалары жана шаймандарын кайсы жол менен сатып алабыз? — Сугат суунун канткенде коромжосуз пайдалана алабыз? — Ирригация системасын кантип жакшыртуу керек? — Сугат сууну рационалдуу пайдаланууну кандайча ишке ашыруу керек? — Сугат суу боюнча элдин арасында түшүнүк иштерин кантип жүргүзүүгө болот? |
Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзөбүз?
ЖАЛПЫ МАСЕЛЕР | — Тышкы ички ресурстарды кантип эффективдүү колдонобуз?
— Жергиликтүу экономиканы кантип өнүктүрөбүз? — Жаңы фирмаларды кантип колдоо керек? — Жеке ишкердүүлүктү кантип колдоо керек? — Кичи жана орто бизнести кантип өнүктүрөбүз? |
БИЗНЕСТИ КОЛДОО ИНФРАСТРУКТУРАСЫ | — Бизнес инкубаторлорду кантип айыл өкмөткө тартса болот?
— Бизнести колдоо инфраструктурасын кандай жолдор менен көтөрүүгө болот? — Айыл жеринде микрокредиттерди кандай жолдор менен уюштурса болот? — Ишкерлерди кайсы жерде жана кантип окутса болот?
|
ИНВЕСТОРЛОР | — Канткенде донор уюмдары биз менен иштешүүгө макул болушат?
— Чет элдик инвесторлорду кантип кызыктырып, тартып келебиз? — Чет өлкөлүк консультация берүү органдарын кантип тартабыз |
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАР | — Жеке ишкерлерге бут тоскон райондун кызматтары менен кандай иш-чара алып барышкерек? |
ЖУМУШЧУ КҮЧ | — Профессионалдуу адистердин сапатын жана санын кантип көтөрсө болот? |
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР | — Жер алдынан чыккан ысык минералдык суусун канткенде сата алабыз?
— Ички жана тышкы резервтерди канткенде нартыйжалуу пайдалана алабыз? — Жергиликтүү экономиканы кандай жол менен өнүктүрө алабыз? — Жаңы уюшулуп жаткан иштердин өнүгүүсүн кантип колдойбуз? — Жеке ишкерлерди кантип өнүктүрө алабыз ? — Кичи ишканаларды жана кичи бизнестерди кантип уюштурабыз? |
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?
ЖАКЫРЧЫЛЫК | — Канткенде жакырчылык маселесин чечебиз?
— Айылда жакырчылык деңгээлинен кантип чыгууга болот? — Жумушсуздуктан айыл тургундарын кантип жоюу керек? — Жаңы иш орундарын кантип түзөбүз? — Жумушчу адамдарды кантип миграция учетко тургузуу керек? — Чет мамлекетке кетип жаткан ишке жарамдуу адамдарды жана адистерди кантип сактап калуу керек? |
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА | — Аялдардын өлүмүн кантип кыскартуу керек?
— Жаш балдардын арасында гепатит жана башка жугуштуу ооруларды кантип кыскартуу керек? — ФАПтардын жылытуу системасын канткенде жолго коебуз? — Кайсы жол менен медицина жабдууларды кеңейте алабыз? — Жетиштүү медикалык адистерди кантип табуу керек? — Спорт комплекстердин деңгээлин кантип жогорулатуу керек? — Балдар бакча маселесин кантип чечбиз? — Мектептерде кадр маселесин кантип чечсе болот? — Мектептин негизги проблемаларын кантип тиездетипчечсе болот, мисал үчүн мектептердин айланасын тосуу ж.б — Мектептердин жылытуу системасын кантип ремонттоп алабыз? |
МАДАНИЯТ , СПОРТ, ЖАШТАР | — Мыкты спортчуларыбызга кантип жардам бере алабыз?
— Айылдарда жаштар саясатын кантип жүргүзөбүз? — Маданиятыбызды жана талантуу адамдардын талантын өркүндөтүү үчүн кандай иш-чараларды алып барыш керек? |
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО | — Жугуштуу оорулардын алдын кантип алабыз?
— Таза сууну өз убагында дезинфекциялоо , коромжусуз пайдалануу маселесин кантип чечбиз? — Абаны ,сууну кантип таза сактап кала алабыз? — Канткенде генофонду таза сактап калабыз? |
Техникалык инфраструктураны кантип өнүктүрө алабыз?
ТЕХНИКАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРА | — Трансформатор,байланыш түйүндөрүн кантип жөнгө салуу керек?
— Айылдагы трансформаторлорду кантип алмаштыра алабыз? — Телефон байланышы менен тургундарыбызды качан толук камсыз кыла алабыз? — Интернетке катип байланыша алабыз? — Байланыш жана интернетке улануу системаларына инвесторлорду кантип тартуу керек? — Ички жолдордун абалын кантип жакшыртабыз? — Айылдагы адамдарга таза сууну кантип жеткире алабыз? |
ЖЕР | — Элге керектүү базар, соода борборлорун кантип ачышыбыз керек? |
ГЕНЕРАЛДЫК
ПЛАН |
— Айыл өкмөтүнүн туцргундарына берилүүчү жерлердин генпландарынкантип тез бекитип беребиз?
— Жалпы генпланды кантип беките алабыз? |
ТУРИЗМ | — Канткенде маселени чечебиз? |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
КАРЛАР | — Айыл өкмөт кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүү үчүнокуу курстарын кантип уюштурса болот?
— Айыл өкмөтүнө профессионалдуу адистерди кандай жолдор менен тартса болот? — Айыл өкмөт депутаттарынын активдүүлүгүн кантип жогорулатса болот? |
АЙЛЫК АКЫ | — Айыл өкмөт аппарат кызматкерлерин айлык акысын кантип көтөрө алабыз? |
ЖАБДУУ | — Айыл өкмөткө стол, стул, компьютерлер менен кандайча камсыз кыла алабыз? |
БЮДЖЕТ | — Жергиликтүү бюджетке кантип киреше булагын алып келе алабыз?
— Жергиликтүү салыктарды бюджетке өз убагында кантип топтой алабыз? — Арендага алынбай калган жерлерди кандай жол менен иштерүу керек? |
СОЦИАЛДЫК МОБИЛИЗАЦИЯ | — НПО, жамааттардын санын кантип көбөйтсө болот. |
БАШКА | — Айыл кеңештин биримдигин кантип жакшыртууга болот? |
Тандалган критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир тийгизиши мүмкүн. Муниципалитет баардык маселелерди бир убакта чеч албайт жана баардык критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө бирдей таасир тийгизбейт, ушуга байланыштуу “критикалык (негизги) жолду”, же башкача айтканда жергиликтүү экономикалык маселелерди чечүүдө эң эффективдүү ыкманы аныктоо маанилүү болуп эсептелет.
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДАН, СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА.
Критикалык маселелерди аныктагандан кийин, анын арасынан жергиликтүу экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир кыла турган эле маселелерди тандан керек.аны жасаш үчун критерий колдонулган.
Стратегиялык маселелерди тандоо критерийлери:
— Маселе Жыйынтыкка натыйжалуу жетүүгө багытталган: — Маселенин чечилиши калын элди камтыйт; — Маселе чечилбесе терс маселе болот; — Муниципалитет маселени чече алат жана чечкенге мүмкүнчүлгү бар; — Маселени аткарса болот жана өлчөөгө мүмкүн; — Маселе жалпы элдин колдоосуна ээ;
|
Критикалык маселелерге жана критерийге таянып, чектелген гана стратегиялык маселелер жана анын ичинде бир нече кичи секторлор тандалган:
Стратегиялык маселелер | Кичи секторлор |
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүнкантип жогорулатуу керек? | · Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасы
· Жаңы технологияларды колдонуу · Айыл чарба рыногун жакшыртуу |
Жеке ишкердүүлүккө жаңы экономикалык чөйрөнү кантип түзүү керек? | · Бизнести колдоо инфраструктурасы
· Инвестиция тартуу |
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрүү керек? | · Жакырчылыкты жоюу
· Тейлөөнү жакшыртуу · Ыңгайлуу шарт |
Коопсуз аймакты кантип түзөбүз? | · Түнкү жарыктандыруу |
Коммуналдык тейлөөнү кантип жогорулатабыз? | · Мобилизация |
Жергиликтүу өз алдынча башкаруунун эффективдүүгүн кантип жогорулатуу керек? | · Административдик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу
· Маалыматты камсыздоо |
Ушул тандоо аркылуу жергиликтүу экономикалык өнүгүү эң оптималдуу түрдө ишке ашырылат. Бул стратегияны тандоо болуп эсептелинет.
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА ЖЕТҮҮ ДОЛБООРЛОРУ.
Ар бир стратегиялык максат же бир нече долбоор аркылуу ишке ашырылат, ал долбоор эң оптималдуу түрдө стратегиялык максатка жетүүгө жардам берет.
Долбоор төмөнкү критерийге таянып тандалган.
Долбоорду тандоо критерийлери:
Ишке ашырганга мүмкүн (төмөнкүнү эске алып): — Каржылоо мүмкүнчүлугү; — Уюштуруучулук мүмкүнчүлүгү; — Техникалык мүмкүнчүлгү:
— Салыштырмалуу жөнөкөй жана аткаргана жеңил.
— Көп элге таасирин тийгизет же көбөйө турган экономикалык пайдага ээ. — Стратегиялык максатты натыйжалуу чечет. — Өлчөөгө мүмкүн (көрсөткүчтөрдүн жардамы менен) — Ишке ашыргана жигердүу адамдар бар.
|
Акыркы тандалган чаралар, долбоор жергиликтүу экономиканы өнүктүрүү эксперттеринин анализдеринин негизинде тандалган, анализдер долбоордун таасирин жана баасын камтыйт. (критерийди карагыла)
Таблица тратегиялык маселелерди, стратегиялык максаттарды, көрсөткүчтөрдү, иш чараларды, алардын максаттарын жана көрсөткүчтөрүн көрсөтөт.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР
|
СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР | КӨРСӨТКҮЧТӨР | ИШ-ЧАРАЛАР (ДЕЙСТВИЯ) |
1. АЙЫЛ ЧАРБА
Айыл чарбанын түшумдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
Айыл чарбада түшумдүүлүктү жогорулатуу. | Негизги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү.
Айыл чарба иштери аркылуу үй-бүлөлөрдүн кирешеси |
1.1 жаңы технологиялар борбору (айыл чарбасына жаңы технологияларды жайылтуу). |
2. КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮУЛҮК
Кантип кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү керек? |
Кичи жана орто мишкердүүлүк иштерин көбөйтүү. | Жергиликтүү жана жергиликтүу эмес фирмалардын саны биринчи жылда 5%, экинчи жылда 10%га көбөйүшү.
Жумушчу орундардын саны жылына 10%га көбөйүшү |
1.3 Мырза-Аке Өнүгүү Борбору (айыл чарбаны колдоо инфраструктурасын түзүү) |
2.4. инвестициялык сунуш
(кичи жана орто ички инвесторлорду жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгаруу). |
|||
3. ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Коомчулукта жакырчылыкты кантип кыскартуу керек? |
Жакыр турган элдин турмушун оңдоого жардам берүү. | Жакырчылык деңгээлин эки жылдын ичинде 100 %дан
50 % га түшүрүү |
3.5 киреше табуу мүмкүнчүл борбору .(жакырларга киреше мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу). |
4. БАШКАРУУ
Жергиликтүү бийликтин эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
Муниципалиеттин башкаруу потенциалын жакшыртуу- административдик кызматтарды көрсөтүүнүн эффективдүүлүгү. | Кызматтар жөнүндө ой пикир жана маалымат деңгээли. | 4.6 “Чарба китеп” компьютер системасы
(административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү) |
4.7 маалымат системасы
(аттуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы) |
Ар бир иш чара боюнча ой долбоордун кыскача характеристкасы аркылуу каралган. Бул болсо долбоордун ишке ашырыла тургандыгы боюнча алгачкы маалымат берет. Долбоордун кыскача баяндамасы:
Долбоор1.1 Жаңы технологиялар борбору
Түшүндүрмө
Глобалдуу дүйнөдө технологиялардайым өзгөрүп жана жакшырып турат. Мындай көрүнүш айыл чарбада да байкалып турат. Айыл чарбага көп факторлор таасирин тийгизет. Кээ бир факторлорду көзөмөлгө алса болот, а кээ бирөосү көзөолгө алынбайт. Жаңы техногиялар ошондой факторлорду көзөмөлдөгөнгө жардам берет. Мырза-Аке айыл өкмөтү жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы бар. Аймакта 1 үрөөнчүл чарба жайгашып, беде дан эгиндерин өстүрүүдө жана башка айыл аймактын тургундарына тажрыйба алмашууда өзгөчө орду бар. Көпчүлүк дыйкандар жаңы технологиялардын өдөрүнүн иштеринин эффективдүүгүнө маанилүү экенин түшүнүшөт. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн дыйкандары рынокто өз продукцияларынын орду бар экендиктерин сезип жүрүшөт. Мисалы : күрүч эккен дыйкандардайыма рынокто өз продукцияларын тоскоолдуксуз сата алышат. Андан сырткары асыл тукум мал жандыктарын да багышып, рыноктогу баадан бир нече эсе кымбат саткан фермерлерибиз (жылкы баккандар ж.б) да жок эмес.
Азыркы учурда бир нече уюмдар жаңы технологияларды айыл чарбада колдонуусун өнүктүрүп жатат. “Ак эмгек” үрөөнчүлүк чарбасы пайдаланылбай жаткан айдоо жер аянттарын өздөштүрүп, калкты азык-түлүк менен камсыздоо программасында жакындан жардам берүүдө. Биринчиден аймакты жумуш орнудары менен камсыздаса , экинчиден жаңы агротехнологиялык шарттарды сактап, заманбап техникаларды колдонуп, айыл чарбадагы дыйкандарды түшүмдү мол алууга, сапаттуу продукция алууга үндөөдө.
Муниципалитет жаңы технологиялардан көбүрөөк пайда алышы үчүн дагы активдүүрөөк болуп баардык ресурстрады жумшашы керек. Жөнөкөй эле мисал, кытайлар колдонгон жаңы технологиялар боюнча жарманке , же болбосо көргөзмө уюштурса болот, башка региондорго барып, алардын кызыктуу колдонгон технологияларын үйрөнсө болот. Мындай иш-аракеттер жаңы технологиялар боюнча маалыматы жок дыйкандарга чоң салым болоор эле.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ:
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашыруу үчүн көбүнчө адам ресурстары керек жана бул долбоордон
потенциалдуу чоң пайда келет. Муниципалиет бул долбоорду толугу менен каржылоого алы жетпейт, ошондуктан ал башка донор уюмдардан айтып кетилген иштерди Мырза-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөзгүлө деп сурансак болот.
Бул долбоордон келе турган пайда: көп дыйкандар жаңы технологияларды колдоно баштайт. Ушундай иш чаралар айыл чарбалык өндүрүмдүүлүктү көбөйтөт жана дыйкандарга дүйнөлүк экономикада таймашканга мүмкүндүк берет.башында долбоордун бенефицарлары анча деле көп эмес болушу мүмкүн . элдерди жаңы технологияны колдонуу жана ага ишендирүү үчүн бир аз убакыт керек. Бир нече гана дыйкандар жаңы технологияларды ийгиликтүү колдоно баштаса, алар башкаларга үлгү болоор эле жана башкалар аларды туурай баштайт.
Жаңы технологияларды колдонуусун өнүктүрүү аябай көп ресурстарды сурабайт жана чоң пайда берүү мүмкүнчүлгү бар.
АЙЫЛ ЧАРБА |
Жаңы технологиялар борбору |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
1) Жаңы технологияны жайылтуу системасын түзүү.
2) Дыйкандарга маалдымат берүү системасын жакшыртуу. 3) Айыл чарба өндурумдүүлүгүн көбөйтүү. Натыйжа: — (2 жылдын ичинде 1500га жерге 250 дыйкан жаңы технологияларды колдонуп, дан эгиндерин өстүрөт. 2 жылдын ичинде 25 үй-бүлө жаңы порода эчкилерин жана тоогун колдонот) — Фермерлердин жаңы технологияны колдонушу өндүрүмдүүлүктү 10% көбөйөт |
1. жаңы технология борборунун түзүлүшү,
2. көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин саны, 3. дан эгиндерин өстүрүүдо жаңы технологияларды колдонгон , жаңы порода эчкисин жана тоогун колдонгон үй-бүлөлөрдүн саны. 4. Жаңы технологияны колдонгондон кийин айыл чарба түшүмүнүн көлөмү.
|
Долбоор Мырза-Аке өнүгүү борбору
Түшүндүрмө
Мырза-Аке муниципалитети айыл чарбасы, кичи жана орто ишкердүүлүгү бар коомчулук. Эки секторунда тең адамдар өз иштерин кеңйткенге кызыгы бар. Айыл чарбада жана жеке ишкердүүлүктө активдүү адамдар ар кандай тоскоолдуктар менен жолугат. Көпчүлүк тоскоолдуктар дүйнөлүк жана мамлекеттик деңгээлде , бирок алардын кээ бирөөсун жергиликтүу деңгээлде чечсе болот.
Айыл чарбасы боюнча, айыл чарба продукциялар базарында атаандаштыкта жеңилбеш үчүн ар дайым өндүрүү процессинин эффективдүүлүгүн жакшыртып турушу керек. Мисал үчүн жаңы технологияларды, же каржы кызматтарын , же сатууну уюштурса болот. Глобалдык дүйнөдө жаңы технологиялардын өзгөрүүсүнө, же базардагы талдаптын өзгөрүүсүнө тез жооп кылуу оор.бул болсо белгилүу программаларды эффективдүу колдонуу, же болбосо стратегияны ишке ашырууга жардам бере турган башка уюмдарды же институттарды издөө.
Кичи жана орто ишкердүулук тармагында бизнес сурактын негизинде: эгерде жергиликтүу шарттар жакшы болсо, анда бизнести алып баруу оңой болуп калат.муниципалитет кичинекей болгондуктан бизнести колдой турган бир чооң мекеме ачыш оор болот. Бирок ушундай кичинекей коом өзүнүн ресурстарын жакшыраак колдоно алат. Айыл чарбадагыдай эле кичи жана орто бизнести колдогон ар кандай программалар бар. Жөнөкөй эле иштерди кылса болот, мисал үчүн бизнес окуу курстар тууралуу маалымат берүү, же болбосо жалпы эл сураган курстарды айыл өкмөтүндө өткөрүү.
Борбор жеке ишкерлерге жана дыйкандарга да жардам берет. Борбор ар кандай маалыматты башкарат, мүмкүнчүлүктөрдү колдонот, айыл чарба , өндүрүштөр жана жеке ишкерлер менен байланыш түзүп турат. Муниципалитет донор программаларын башкаруу боюнча тажрыйбасы бар , ошондуктан өнүгүү маселелери менен иштөө оңойураак болот. Ресурстрадын чектелгенине жарашажаңы орган түзүү жана жаңы жумушчуну алуу муктаж эмес, борбордо муниципалитетте иштеген кишилерди чогултса болот. Борбор жөн эле жолугушуулар түрүндө болбостон , анык так тапшырмаларды жана максаттары болушу керек. Негизги максат болуп дыйкандардын жана жеке ишкерлердин маселелердин чечүүгө жардам берүү болуп саналат. Борбор баардык маселелерди чече албайт. Бирок башка уюмдар чече алса алар жөнүндө маалымат берет.
Иштеп жаткан маалымат борбору дагы каралышы керек , ал маалымат борборду чоңойтупөнүгүү борбору кылса болот.
Алгачкы чыгымдыр жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт жана потенциалдуу пайда маңыздуу болуп эсептелет.
Долбоорду ишке ашыруу наркы негизинен борбордун фирмасынан көз каранды болгондугуна карабастан, көп көлөмдогү ресурстар талап кылынбайт. Көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоор жаңфы адамдарды жумушка алууну талап кылбайт, борбордун иши айыл өкмөттө иштеген адамдар тарабынан аткарылса болот. Абдан маанилүү ресурс -бул иштеп жаткан маалымат борбору. Маалымат борбору кеңейтилиши мүмкүн жагна борбордун жайгаша турган ордуна ылайык. Борборду өзү иштетиш үчүн муниципалитеттин ресурстары чектелүү (мисалы ар кандай аракеттерди уюштуруу). Ошондуктан борбор тышкы ресурстрды колдонсо болот. Ушундай бир функциялардын бири (көп акча каржаттарды талап кылбайт)- бул дыйкандар жана ишкерлер үчүн тренингдер , продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрү , технологиялар, финансы ресурстар боюнча маалыматты камсыз кылуу.
Борбордун пайдасы болуп дыйкан чарбачылыктын, мал чарбачылыктын балык өстүрүүнүн жана жеке ишкердүүлүктүн бат өнүгүшү болуп саналат, анткени алардын өнүгүү пландары колдоого алынат. Көп дыйкан чарбалар жана ишкерлер бул борбордун кызматы менен колдонушу күтүлөт. Анткени муниципалитетте активдүү ишкер адамдар бар, алардын иштерин кеңейтүу пландар бар. Борборго жардам берүү фирмалардын өнүгүшүнөн көз каранды жана натыйжада жумуш орнударынын пайда болушуна таасир этет, коомчулуктун башка мүчөлөрүнө да пайда алып келет.
Борборду ачууда дагы бир маанилүү утуш болуп өнүгүү маселелерди башкаруу эсептелинет, анын ичинде донордук уюмдар сунуштарын эффективдүү пайдалануу.
АЙЫЛ ЧАРБА КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
Мырза -Аке Өнүгүү Борбору |
Долбоор максаттары | көрсөткүчтөр |
1) Айыл чарбаны , бинечти колдоо борборун ачуу.
2) Жардам берүү аркылуу айыл чарбанын, биснестин потенциалын жакшыртуу. 3) Айыл чарба бизнеси жана бийлик ортосунда жакшы катнаш түзүү. 4) Донордук праграммаларды эффективдүү колдонуу. Натыйжа: — 1 жыл ичинде 500 фермер жана ишкер колдоо алат, же болбосо аларга колдоо уюштурурулат; — Жаңы фирмалардын саны , кеңейтилген фирмалардын жана фералардын саны. — Өнөктөш донор уюмдардын саны өсөт. |
1) Борбордун ачылышы 2) Кеңештин, трениндердин жана семинарлардын саны. 3) Бизнес менен муниципалитеттин чогуу алып барган иштеринин саны. 4) Борбор аркылуу ачылган фирмалардын инвестициялык же донордун долбоорлордун саны 5) Коомго пайдалуу донордук программалардын саны |
Долбоор Инвестициялык сунуш
Түшүндүрмө
Мырза-Аке айыл өкмөтү Кара-Кулжа району менен Өзгөн районунун чек арасында жайгашкан жана Өзгөн- Кара-Шоро жолунун боюнда жайгашып транспорт кыймылы жолдо өсүп жатат . Ал жол менен өткөн туристтердин да саны өсүп жатат. Алар жол боюнда жайгашкан тейлөө кызматтарын колдонууга кызыгы өсүшү мүмкүн. Мырза-Аке айыл аймагынын өнүктүрүүгө ылайыктуу жерлери бар , ал инвесторлорго таратылып берилсе болот. Азыркыга чейин муниципалитет жерди көбүнчө ички инвесторлого аз өлчөмдө берип жатат.
Ушул фактылар тышкы инвесторлорду тартууга жетиштүү экенин билүү оор. Ошондуктан оптималдуу чечим кылыш үчүнбош болгон муниципалдык менчикти анализдеп чыгып, аны стратегиялык жол менен колдоо мүмкүнчүлүгүн анализдеш керек.
Алгачкы изилдөөлөрдөн кийин жалаң гана тейлөө кызматтарын кылган борбор эмес, жалпы инвестициялык сунуш долбоору болду.бул жерде мындай дилемма: биринчи кадамда инвесторлордун оюн алып, анан сунуш кылуу керекби же тескерисинчеби? Суроо долбоорду ишке ашырууда чечилет. Мындын сырткары жерди сатуу же арендага берүү боюнча маектер болду, бул жерде мындай чечим кабыл алынды : эгерде жер арендага берилсе, анда инвесторлорго туркутуу эмес чөйрө түзүлөт, ошондуктан сатыла турган болду. Инвесторлор сатып алуу менен арны макаттуу колдонуусу маанилүү. Долбоордун дагы бир маанилүү жагдайы- бул бул жерди чоң инвесторлорго сатуу процедуралары ачык болушу керек.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ:
Бул долбоордун стратегияга кирген себеби: инвестициялык сунушту иштеп чыгып аны жарыялагандын баасы башка долбоорлорго караганда кымбатыраак турат. Муниципалитет Урбан Институтунун адистерине кайрылса болот, кыймылсыз мүлктү башкаруу Программанын иши болуп саналат. Жарыяга керектүү каражат жергиликтүү бюджеттен жана донор уюмдарынан суралышы мүмкүн.
Пайда ички жана тышкы инвесторлордон күтүлөт, алар жумуш орундарын ачат жана жергиликтүү казынаны салык менен толтурат. Бул долбоордун натыйжасы долбоорду ишке ашыруудан чоңураак болот.
2.КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
2.4 инвестициялык сунуш |
Долбоор максаттары | көрсөткүчтөр |
1) Профессионалдуу инвестициялык сунушту иштеп чыгуу
2) Муниципалдык жерди колдонуп инвесторлорду тартуу Натыйжада: — Жок дегенде 5 жаңы инвестор келет. |
1) Инвестициялык сунуш
2) Кандай жолдор менен таратылышы. 3) Кызыккан инвесторлордун саны. 4) Инвестициялардын саны , түрү жана баасы. |
Долбоор киреше табуу мүмкүнчүлүк болот
Түшүндүрмө
Мырза-Аке калкынын 12.05 % жакырчылыкта турат. Бу көрсөткүч абдан жогору эгер ал так болбогон күндө кырдаал абдан оор.
Адатынча, социалдык камсыздандыруу тармагында бир суроо туулат:адам кантип ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонгусу жана мындайкырдаалдарды өзгөрткүсү келбей калаарын , же болбосо андай мүмкүнчүлүктөр ал айимакта эмне үчүн жок экенин (балким жакыр адамдар ушундай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билийпейт) баалоо кыйынга турат. Кээ бир учурларда жакыр адамдар жашоосун оңдогонго тырышпыйт, себеби балким алардын кырдаалды өзгөртүү аракеттери бир нече жолу ийгилик менен аяктабай калган. Ошол эле убакта кээ бир адамдар кырдаалды өзгөртүү үчүн эч бир мүмкүнчүлүктөрдү караштырганды каалашкан эмес.
Көп уюмдар каржы каражаттар , тамак-аш менен жакыр үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтөт.
Стратегия жакырчылыктын натыйжасына (жумушсуздук,жакырчылык) эмес, аны пайда кылган факторлорго көңүл бурат. Жакырчылык жана жумушсуздук алсыз экономиканын натыйжасы. Ошондуктан жергиликтүү экономика өнүксө, ал жумуш орундарынын пайда болуусуна алып келет.эгер жумуш орундары болсо, адамдарга киреше болот жана жакырчылык деңгээли азаят.
Экономиканын өсүшү убакытты талап кылат, инвестор инвестиция кылыш керек , анан бир здан кийин жумун орундары ачыла баштайт. Жакырчылыкта турган адам экономиканын өсүшүн кечке күтө албайт, ага чейин ал жашап тирүү турушу зарыл.
Киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору абдан уникалдуу, ал башка, ал башка жакырларга жардам берген уюмдардан эмес. Борбор мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп жакыр адамга берет, ал өз учурунда колдонуп жашаганга акча табат. Стратегиялык комитет белгилеген мисалдар: жайында жол боюнда автоунаа жуу, дыйкандарга жардам берүү болуп саналат. Мындай тажрыйба аларды жеке ишкердүүлүккө үйрөтөт жана жакырчылыкты кыскартат.
Долбоор Мырза-Аке Өнүгүү Борбору аркылуу жана социалдык бөлүмдө иштеген адистер тарабынан аткарылса болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: коомчулуктун бир топ бөлүгүнүн проблемасын чечет жана долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт.
Ишке ашырыш үчүн көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоордон пайда алуучулар калктын 50% түзөт.
Баардык жакыр адамдар бул долбоордун кызматы менен колдонуусу күтүлбөйт. Долбоор аябай жакырларга гана жардам берет. Долбоор жакырчылыкты жоюуга гана эмес, элдерди жеке ишкердүүлүккө да үйрөтөт .
ЖАКЫРЧЫЛЫК |
Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
1) Мүмкүнкүчүлтөрдү чогултуп жакыр адамдарга бере турган система түзүү.
2) Жакыр адамдарга жакырчылктан чыгууга жардам берүү. Натыйжа: — Жылына 100 үй-бүлөөгө мүмкүнчүлүк берилет. — Жылына 50 үй бүлөөгө жардам берилет. — Жылына үй-бүлөө өз абалын жакшыртат. — Жакырчылыктын деңгээли 10%га кыскарат. |
· Системанын түзүлүшү. · Берилген мүмкүнчүлүктүн саны. · Жардам алгандардын саны. · Жакырчылыктан чыккан адамдардын саны · Жакырчылыктын деңгээли |
КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ |
Таза суу , жол, электр энергиясы жана башка |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
1) Калкка таза суу жеткирүү
2) Калкка жолдо жүрүүгө ыңгайлуу шарт жаратуу 3) Жаңы конуштарды ТПлар менен жана электр столбалары менен камсыздоо Натыйжа: Мыкты коммуналдык тейлөөгө жетишүү |
1) Ден -соолук чыңалат, оору азаят
2) Убакыт үнөмдөлөт, калктын жашоо турмушу чыңалат. 3) Үзгүлтүксүз жарык берилет. |
Маалымат системасы
Тушундүрмө
Элдер менен байланышта туруу жергиликтүү бийликке маанилүү. Бул маалымат берүү гана болуп эсептелбестен, жергиликтүү өз алдынча башкарууну эффективдүү кылыш үчүн дагы керек.
Стратегиялык планды иштеп чыгуу учурунда эл менен иштөө тажрыйбасы болду, баа берүү отчетунун жыйынтыктары брошура түрүндө атуулдар арасында таратылды . Атуулдар буга ыраазы болушту, кээ бирөөсү айыл өкмөткө да келишти. Ушундай сыяктуу кылып элдерге жаңыланган стратегиялык план боюнча маалымат берүү план бар. Андан тышкары сурагы өткөрүлдү, анда болсо жеке ишкерлер өздөрүнүн жергиликтүү экономикасынын өнүгүшү боюнча ойлорун билдиришти.
Бул иштер жетишсиз. Элдерди стратегиянын ар кандай жактарын дагы маалымдаш керек. Муну ар бир долбоордун ичинде кылса болот. Баарын бир система аркылуу уюштурса болот. Система жасалгандан кийин стратегия боюнча маалыматты гана эмес маанилүү коомдук маселелерди билдириптурса болот.
Маалымат системасы Мырза-Аке Өнүгүү борбору аркылуу жасаса болот. Башка ой болсо иштеп жаткан маалымат борборун колдонсо болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоор аркылуу элдердиэффективдүү маалымдаса болот. Долбоордун баасы кайсы коммуникация инструменттерин колдонусунан көз каранды. Бул жерде адамдык гана эмес, каржы каражаттары керек болот. Ал жергиликтүү бюджеттен жана донорлордун жардамы менен ишке ашырса болот.
Кайсы коммуникация инструменттери эффективдүү экенин долбоорду ишке ашыруу учурунда анализдеш керек.
Бул долбоордон баардык калк пайда алат. Алар бул аркылуу стратегиянын кантип ишке ашырылып жаткаы боюнча мониторинг жүргүзүп турганга мүмкүнчүлүк берет жана алар коомдук иштерге көбүрөөк катыша баштайт. Система киргизилгенден кийин бул стратегия тууралуу гана маалымдоо эмес , башка тапшырмаларды да аткарат.
БАШКАРУУ |
Маалымат системасы |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
· Калкты сапаттуу тейлөө .
· Социалдык объектилерге ыңгайлуу шарттарды жаратуу. Натыйжа: Заманбап, ыңгайлуу шартта социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишебиз. |
· Билим сапаты жогорулайт.
· Калкты медицианлык жактан тейлөө жакшырат · Мектепке чейинки билим берүүнүн абалы жакшырат. · Маданий жактан калк эс алат
|
Долбоор Түнкү жарык
Аймактын негизги көчөлөрүнө түнкү жарык орнотуу аркылуу аймакта кылмыштуулукту кыскартууга, жол кырсыгын азайтууга жана жарандардын жолдо жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттар жаралат. Бул болсо калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеними кеңейет. Демек , муниципалитет бири-бири үчүн кам көрүп, алдыда чечилбей жаткан көйгөйлөрдү так аныктоого жана өз ара жардамдашууга жол ачышат.
Сурамжылоодо аймакта орун алган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү айрым түтүктөрдүн эскиргендиги, таза суунун жетпей жаткандыгы, жолдун ыңгайсыз жараткан участогу же арыктын казылбай суу чайганы жөнүндө айтышса, түнкү жарыктын жоктугу адам өлүмүнө алып келген фактылар, уурулук, же бейбаштык сыяктуу криминалдуу окуялар менен коштолоорун да айтып беришти.
Бул долбоорду чечүүдө жергиликтүү бюджеттин кандайдыр бир каражат алуу менен калган бөлүгү менен калкты мобилизациялоо аркылуу жасаса боло тургандыгын буга чейинки тажрыйбалар тастыктады.
КООПСУЗ АЙМАК |
Түнкү жарык |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
13) калк арасында кылмыштуулукту алуу
14) жол кырсыгын азайтуу жана жарандарга жолдо жүрүүгө ыңгайлуу шарт жаратуу Натыйжа: Атуулдарга коопсуз аймакта жашаганга шарт түүлөт. |
15) көчөлөр түнкү жарык менен камсыдалат
16) жарандарды түнкү мезгилде көчөдө жүрүүсүн көзөмөлдөөгө болот. 17) Кылмыш кыскарат |
- ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА МОНИТОРИНГ
Системанын түзүлүшү
Стратегияны жана долбоорду ишке ашырууга муниципалитеттин уюштуруу кубаты абдан маанилүү. Көпчүлүк учурда жергиликтүү бийликтер стратегияны иштеп чыгып , аны ишке ашыра албай калышат. Себеп- ишке ашыруу системасынын жоктугу. Туруктуу аппаратсыз стратегияны ишке ашыруу , мониторлоо, баалоо жана жаңылатуу мүмкүн эмес.
Бул стратегиялык пландын методологиясы 3 кадамдан турат.
- Бул эски стратегияны баалоо
- Ал стратегияны жаңылатуу болуп эсептелет.
- Стратегияны ишке ашыруу системасын түзүү болуп саналат.
Системанын функциялары : мониторлоо, баа берүү жана планды жаңылатуу болуп эсептелет. Андан тышкары система жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнүн кээ бир функцияларын аткарат. Системанын формасы муниципалитеттин кубатына жана көлөмүнө жараша болот. Муниципалитетте иштеген бир киши кошумча бул системаны башкарса жана иштетсе болот. Азыркы учурда Мырза-Акеде система түзүлөт деп айтыш оор. Ал 3-кадамдан кийин аныкталат. Системанын формасы аныкталгандан кийин ал айылдык кеңеш тарабынан бекитилиши керек.
Долбоордук сунуштарды кийинки кадам катары даярдоо
Стратегиялык максаттарды чечкенге багытталган долбоорду аныктаган алгачкы кадамда салыштырмалуу жөнөкөй формада долбоордун түшүндүрмөсү жана картасы иштеп чыгарылды. Бул болсо долбоордун ишке ашырыла тургандыгын текшергенге мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн анын деталдуурак ишке ашыруу жолу эффективдүүрөк болоорун аныкташ зарыл. Ар бир долбоордун толук долбоордук сунушу болушкерек, ал донорлордон ардам алганга керек болот. Жардам каржы ресурстарын камсыздоо түрүндө , же долбоорду ишке ашыруу жана башкаруу үчүн техникалык колдоо түрүндө болушу ыктымал.
Потенциалдуу ресурстарды стратегияны ишке ашыруу үчун аныктоо
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети чектелген . Муниципалитет кээ бир долбоорлорду, же алардын кандайдыр бир бөлүгүн каржылай алат, бирок стратегияны жалаң гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мында муниципалитеттин өзүнүн болгон ресурстарын жыйнап анан гана донорлор менен сүйлөшүүгө бара алат. Жана жардам сураганга мүмкүндүк алат.
Стратегиялык тандоолор жыйынтыктагы максаттарга жетет.жергиликтүү экономикалык өнүгүү жыйынтыкка жетүүнүн жана Мырза-Аке муниципалитетинин элинин жашоо шартын жакшыртуунун эң эффективдүү жолу деп аныкталды.
Аймактын стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрүсьратегиялык планды иштеп чыгууга зор салым кошушту, жыйынтыкка жетүү жана жергиликтүу экномикалык өнүгүүнү күчөтүү үчүн эң оптималдуу, натыйжалуу жолду белгилеп беришти. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары Стратегиялык пландын негизинде стартегиялык иш-чаралардын болжолдуу аткарылышын да бекитишип,аймакты 2024-2029-жыл аралыгында өзгөртүүгө алып келе тургандай жагдайды түзүүгө көмөктөшүштү.
Турмушка ашыруу механиздери . программаны сапаттуу жана эффективдүү турмушка ашыруу үчүн төмөнкү механизмдер пайдаланылат:
- Гендердик маселелерди эске алуу менен элдердин социалдык -экономикалык абалын жакшыртууга ички адам ресурстарын пайдалануу;
- Тышкы жана ички инвестициялардын мумкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
- Мырза-Аке айыл аймагы аркылуу донорлорго мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү;
- Мырза-Аке айыл аймагынын пландаштыруу ишине ар бир айылдын элин катыштыруу . Мында эл өзүнүн үлуштөрүн кошуу менен долбоорду турмушка ашырууга катышат;
- Мырза -Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен пайдалануу. Мында донор мамлекеттеринин көйгөй шарттары эске алынат.
- Социалдык-экономикалык программаны турмушка ашырууда элдерди кошумча окутуу негизги ролду ойнойт. Элдердин аң сезими өзгөрмөйүнчө жаңыча ишти же реформаларды жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
2024-жылдан баштап айылдык кеңештеги түзүлгөн 5 туруктуу комиссияларды мүчө кылып көрсөтүү механизми гендердик проблеманы эске алуу менен түзүлдү.
Мониторинг . Өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышына көзөмөл (мониторинг) жүргүзүү коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары, ОЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар). Көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа берүүгө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн баардык операциялардын баштапкы фнансылык документтери ,отчеттору донор уюмдарга көрсөтүлөт.
Мырза-Аке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга карата жасалган көз көрүнөө каталарды, сын-пикирлерди эске алып, аларды түзөтүү максатында проектилерге ар кандай өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киритет. Проектилер аяктаган соң (ишке киргизилгенден кийин) алар жөнүндө толук отчетту жана баалоону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.
Окутууларга (семинар, тренинг) мониторинг жүргүзүү ошол учурдун өзүндө анкета толутуруу аркылуу жүргүзүлөт.
Жыйынтык
Эгерде : — Айыл чарбада жаңы технология кеңири колдонулса; — Өнүгүү борбору аркылуу дыйкандар, жеке ишкерлер колдоо алса; — Заманбап социалдык объектилер курулса, калкты тейлөө сапаты жакшырса; — Инвестициялык кеңештин сунушу менен , донорлор, инвесторлор аймакка социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү тармактар боюнча тартылса; — Жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору ачылса ; — Аймакта коомдук коопсуздук сакталса, кылмыш кыскарса, көчөдө журүү маданияты орун алса , жол кырыгы азайса; — Заманбап социалдык инфраструктурага жетишсе , калкка сапаттуу социалдык жактан тейлөө болсо , билим сапаты жакшырса, дени сак жашоо обарзы түзүлсө ; — Муниципалитетте жакшы маалымат системасы аркылуу эл ар дайым маалымат менен камсыз болуп турса, Анда: Жыйынтыкка жетүүнүн кадамдары ишке ашып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук алдында аброю өсүп, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жогорулоо менен калктын бийликке болгон ишеними өркүндөйт. Натыйжада : Мырза-Аке айыл аймагынын жашоочуларынын турмуш деңгээли, жашоо шарты жакшырып, потенциалы мыкты , жетишүү инфраструктурада жашаган аймакка айланат. |
КОРУТУНДУ
Мырза-Аке айыл аймагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы биринчилерден болуп агрардык реформага барып , алгачкылардан болуп иш жүзүнө ашырган аймак. Бул болсо аймакта алгачкы кыйынчылыктарды басып өтүү, реформа жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын изилдеп, социалдык-экономикалык кризистен чыгууда алгачкы жамааттык уюмдар менен биргеликте аракет этүүнүн механизмин жактырып, мунун натыйжасында ийгиликтерди жаратууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Реформаны ийгиликтүү турмушка ашырууда донор уюмдардын , чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички резервдерди потенциалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу деңгээлин камсыз кылууда Мырза-Аке айыл аймагынын активи, коомчулук жана жарандык сектор аймакта абалга туура көз салуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга аракеттерди жасоого белсенип турат.
Биздин потенциалыбыз жетиштүү деңгээлде экендигине карабай аймагыбызда көптөгөн көйгөйлөрдүн орун алганын баарыбыз билип турабыз. Жакырчылыкты толугу менен жоюуну камсыздоо , коммуналдык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу , социалдык инфраструктура, коопсуз аймакка жетишүү, орто жана чакан бизнести жөнгө салуу , аймак үчүн приоритеттүү тармак деп эсептелинген айыл жана мал чарбасын өнүктүрүү , салык саясаты, тынымсыз иштөө тапшырмасы коюлуп турат. Андан сырткары , жарандарды турак жай менен камсыздоо үчүн жер тилкелерин чечип берүү, аймактын генпланына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аймакта жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу да биздин негизги милдет. Аймакта биз аткара турган иштер көп экендиги талашсыз. Мырза-Аке айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы биздин муниципалитет үчүн кызмат кылаарына ишенем жана баарыңыздарды, донор уюмдарды, коомдук институттарды, коомчулукту кызматташууга чакырабыз.
Ош облусунун Өзгөн районунун
Мырза-Аке айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы : Р.Талантбек уулу
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 47 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын М.Жээнбеков көчөсүнүн тургуну Салиев Медербек Калыбековтин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну М.Жээнбеков көчөсүнүн тургуну Салиев Медербек Калыбековтин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-1272 номери менен 0, 08 га өз менчигинде турган жеринен 200 м 2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 48 23- июль. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын тургуну Бусуев Арстанбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну тургуну Бусуев Арстанбектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-0432 номери менен 0, 06 га жер аянтын калкты тейлөө багытынан турак жай багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 49 23- июль. 2024-жыл.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муництпалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын , КР Бюжеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндөТиптүү жобону бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде,ошондой эле USAID дин “Ийгиликтүү Аймак 2”долбоорунун алкагында кызматкөрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусунда баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобун түзүү максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн.
1) ) Жороева Гүлкан – айылдык кеңештин төрайымы – топтун төрайымы
2) Мамытова Айсулуу – айылдык кеңештин катчысы –топтун катчысы
3) Калмурзаев Арстан- Аксакалдар кеңешинин төрагасы-топтун мүчөсү
4) Арнабеков Бексултан –айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы-топтун мүчөсү
5) Ормонбекова Патма – айыл өкмөтүнүн айыл башчысы
6) Токоева Салипа – Бабыр б/б директору топтун катчысы
7)Манабаева Таттыгул – айыл өкмөтүнүн санариптештирүү адиси -топтун мүчөсү
2.Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп,баа берүү жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 50 03-сентябрь . 2024-жыл.
Мырза – Аке айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл аймагынын төмөндөгү жарандарга “Ардактуу атуул” наамы берилсин.
1) Разакова Замира
2) Исакова Сабира
3) Эсенбаев Рустам
4) Маматова Канышай
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 51 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын тургуну Турдубек уулу Жанибектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну Турдубек уулу Жанибектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-2271 номери менен сарай деп берилген 0,30 га жер аянтынан 0,08 га жер аянты турак жай багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 52 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кандава айылынын маданият үйүнө госакт алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кандава айылынын маданият үйүнө 0,15 га жер аянтына госакт алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы « Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 53 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза –Аке айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Мырза-Аке айыл өкмөтү 2024-жылга бекитилген айыл чарба бөлүмүнүн 2111 беренесине каралган акча каражатынан 7000,0 миң сомду
- ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 4640,0 миң сом
- айылдык кеңеш 2111 беренесине 96,9 миң сом
- Айылдык кеңешке 2121 беренесине 16700 сом
- ЖКХ бөлүмүнөн 3112 — 328,9 миң сом
- Аппарат 2215 беренесинен -1000,0 миң сом
- ЖКХ бөлүмүнөн 2215 — 900,0 миң сом
- Тамак аш сатып алуудан беренесинен -3112 беренесине 800,0 миң сом, 2221-беренесине 400,0 миң сомду, 2215 беренесине 11,3 миң сом которулсун.
- Китепканага бөлүнгөн 2211-2,0 ,2221-80,0, 2222-150,0 миң сом ,айыл чарбасына бөлүнгөн 2221-5,0 миң сом, 2222 -1,7 миң сом акча каражаттары айыл чарба багытынын 2215-беренесине 233,7 сом акча которулуп пайдалануусуна жылдырылсын.
- Мектептерге бөлүнгөн -2211 беренесиндеги 200,0 миң сом,2221 беренесиндеги 500,0 миң сом, 2222-беренесине 700,0 миң сомду пайдаланууга жылдырылсын.
- Башталгыч мектептерге -2221 беренесиндеги 150,0 миң сом 2222 беренесине жылдырылсын.
- Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 54 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин(VII чакырылышынын) депуттарынын V кезексиз сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “финансы , экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү төмөнкү беренелерине көрсөтүлгөн суммаларына ылайык кошумча план киргизилсин:
- киреше салыгынан – 1000,0 миң сом .
- жайыт салыгынан- 115,3 миң сом
- Кошумча алынган пландын эсебинен: 115,3 миң сом акча каражаты тармагынын 2215 беренсине , ЖКХ нын 3111 беренесине жылдырылып берилсин.
- Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү , КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финансы , экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 55 03-сентябрь. 2024-жыл.
Республикалык бюджеттен келген 298,4 миң сомду сарптоо жөнүндө
Мырза-аке айылдык Кеңешинин (VIIчакырлышынын) депутаттарынын кезексизV сессиясыныны отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюжеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Республикалык бюджеттен келген 298,4 миң сом акча каражат айыл чарбанын 2215 беренесине жылдырылсын.
- 2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 56 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айылынын М.Жээнбеков көчөсүнүн № 32 үйүнүн тургуну Эрмекбаев Абдусадыктын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айылынын М.Жээнбеков көчөсүнүн № 32 үйүнүн тургуну Эрмекбаев Абдусадыктын арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-1961 номери менен өз огородунун 1500м2 жер аянтынан 160 м 2 жер аянты калкты тейлөө багытына которулсун.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 57 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл аймагындагы айылдардагы трансформаторлорго жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы айылдарда эски кызмат көрсөтүүдөгү трансформаторлорду турган орду менен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин .
- Кандава айылынан төрт трансформатор;
- Мырза-Аке айылынын Лесхоз гаражынын ичинде бир трансформатор ТП № 589;
- П.М.К көчөсүнүн ичинде 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Тегерек-Коргон айылында 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Коммунист айылында 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Бабыр айылында суу кампанын жанында 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Адыр айылында бурулган жерде 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- М.Нурбаев о/м ичинде 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Бабыр мектебинин жанында 1 трансфарматор ТП № номер жок;
- Адыр мектебинин жанында 1 трансфарматор ТП № 589
- М.Жээнбеков көчөсүнүн тургуну Н.Каримовдун огородунда 1 трансфарматор ТП № 616;
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева