Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
23-август 2024-жыл. № 2 / 31 Эски-Покровка айылы
Үнөмдөлгөн акча каражаттарын ички бөлүмдөргө
жылдыруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун АТР боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3-кварталында үнөмдөлгөн акча каражаттарын ички бөлүмдөргө жылдыруу жөнүндөгү маалыматын жана айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3-кварталында үнөмдөлгөн акча каражаттары 3750,0 (үч миллион жети жүз элүү) миң сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага М. А. Камалов
Тиркеме:
Бөлүм | Глава | Параграф | Берене | Өзгөрүү суммасы | Анын ичинен квартал боюнча | ||||
+ | — | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | ||||
Аппарат | 92310 | 70111 | 2111 | 3750,0 | -3750,0 | ||||
“ | 92310 | 70111 | 3112 | 400,0 | 400,0 | ||||
ЖКХ | 92320 | 70629 | 3111 | 2050,0 | 2050,0 | ||||
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2221 | 1300,0 | 1300,0 | ||||
Жалпы | 3750,0 | 3750,0 | 0,0 |
Төрага М. А. Камалов