Бүгүн, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов Жазы айыл аймагынын Кайрат айылындагы мөмө-жемиштерди кургатып, как кылуучу цехтин ачылышына катышты.
Аталган цехтин күнүнө 10 тонна мөмө-жемишти кургатууга мүмкүнчүлүгү бар. Сметалык баасы 5700000 сомду түзүп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке киргизилди.
Долбоордун этабы боюнча дагы кошумча аппараттар алынып, мөмө-жемиштерден соктор өндүрүлүп чыгат.