ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун алдынкы студентери “Акимдин аиайын стипендиясы” ыйгарылды. Тагыраагы райондун акими тарабынан окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышып, мыкты жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болгон, 7 студент социалдык жактан колдоого алынып, 3000 сомдон стипендия жана баалуу белектер тапшырылды.
Район акими Каныбек Апбасов: Алдынкы студенттерди колдоо билим берүү системасынын негизги приоритеттеринин бири болушу керек. Жогорку жетишкендиктерге жеткен студенттерди ар тараптан колдоо, алардын билим алуу процессин улантууга, жаңы изилдөөлөр жана инновацияларды түзүүгө шарт түзөт. Муну үчүн стипендиялар, стажировка программалары, илимий изилдөөлөр үчүн гранттар жана карьердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл. Бул иш-аракеттер студенттердин мотивациясын арттырып, өлкөнүн келечектеги лидерлерин даярдоого жардам берет. Ошондуктан алдыда стипендиянын суммасын дагы жогорулатабыз.